mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

ЖАРЫЯ

Кыргыз Республикасынын транспорт жана жолдор министрлигинин

Ислам өнүктүрүү банкынын инвестициялык долбоорду ишке ашыруу тобу

бош кызмат ордуна конкурс жарыялайт:

долбоорду ишке ашыруу тобунун катчы-котормочусу

Талаптар:

  • Менеджмент жана чет тилдер тармагында жогорку билими;
  • Жазуу жана оозеки англис тилинен орус тилине жана орус тилинен англис тилине котормосун жогорку деңгээлде билүү тажрыйбасы 5 жылдан кем эмес; кыргыз тилин сөзсүз билүү;
  • Иш кагаздарын жүргүзүүнүн негизги шарттарын жана иш-чараларга байланыштуу жыйындарды уюштурууну жакшы билүү;
  • Инвестициялык же бейөкмөт уюмдарда жана ага байланыштуу тармактарда иш тажрыйбасы;
  • Компьютерде Microsoft Office жана Интернет программаларын жакшы билүү;
  • Жоопкерчиликтүүлүк жана командада иштөө жөндөмдүүлүгү.

 

Кошумча маалыматты 31-43-88, 31-47-22 телефондору аркылуу иш күндөрү саат 9:00дон 17:00го чейин ала аласыздар.

Конкурска катышуу үчүн кызыккан талапкерлер кызыккан катты, байланыш телефонун жана электрондук почтасын көрсөтүү менен орус жана англис тилиндеги сүрөтү бар резюмени, паспорттун (ID-card) көчүрмөсүн, тиешелүү дипломдорду жана сертификаттарды төмөнкү дарекке 2021-жылдын 23 сентябрында саат 17:00 чейин тапшыруусу керек: Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Исанов көчөсү 42, 611 бөлмө (6 кабат) факс: 31-43-88 же электрондук дарек: piumotckr@gmail.com