mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

Жаратылышыбызга кызыккан коноктор үчүн жагымдуу шарт. Орто-Токой суу сактагычында “фотозона” пайда болду

“Тоо койнун аралап, алыс жолго сапар тарткан ар бир жүргүнчү эми Орто-Токой суу сактагычынан токтоп, айланага көз чаптырып, башкысы коопсуз жерде эстеликке сүрөткө түшө алат”. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министри Тилек Текебаев фейсбуктагы баракчасына жазды.

“Кыш мезгилинде Нарын облусуна иш сапар менен бара жатып, жол боюнда токтоп турган туристтерди көрүп, Кыргызстаныбыздын кооз керемет жерлерине кызыккан конокторго жагымдуу шарт түзүү идеясы келген. Дароо жанымдагы кызматкерлерге жол четин тегиздеп, түздөтүп, атайын тосмолорду орнотуу тапшырмасын бергем. Мына минтип, ойлогонубуз орундалып, туристтерибизге жана жарандарыбызга токтоп эс алууга, сүрөткө түшүүгө жагымдуу шарт түзүлдү”, -деди ведомство жетекчиси.

Эми туристтер коопсуздук жана ыңгайлуулук жөнүндө ойлонбостон панорамалык көрүнүштөрдү көрүп, сүрөткө түшө алышат. Тилек Текебаев башка жолдордо да мындай тосмолорду орнотуп, “фотозона” уюштуруу планда бар экенин билдирип, бир гана айлананы таштандыга толтурбай, аяр мамиле жасоого чакырып өттү.


КРдин ТжКМдин басма сөз кызматы