mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

ЖАЛПЫ САТЫП АЛУУ БОЮНЧА БИЛДИРҮҮ

Өлкө: Кыргыз Республикасы
Багыты: Инфраструктура/Транспорт
Долбоор: Ысык-Көл айланма жолун кайра куруу (участогу Корумду — Балбай, км 104-184,5)
Каржылоо жолу: №: Кыргыз Өкмөтү жана тышкы кредиттер KGZ-1019 (ИБР), 757/7 (СФР), 13204 (OF1D), 1054 (КФАЭР)
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү, Ислам өнүктүүрүү банкы, Сауд ɵнүктурүү фонду, Кувейт араб экономикасын ɵнүктүрүү фонду жана ОПЕК эл аралык ɵнүктүрүү фонду тарабынан Ысык-Көл айланма автожолунун 104-184,5 чакырымындагы Корумду айылынан баштап Балбай Баатыр айылына чейин реконструкциялоо долбоорунун чыгымдары үчүн насыя каржылоо алды жана каралган насыя каражаттардын эсебинен долбоордун чегинде товарларды, граждандык иштерди, тиешелүү тейлөөлөрдү жана консультациялык тейлөөлөрдү сатып алууга жумшайт.

Долбоор төмөнкү бөлүктөрдү камтыйт:
1) Консультациялык тейлөө:
а) Долбоорду кароо жана курулушту көзөмөлдөө – долбоорду кайра деталдуу карап чыгуу жана тууралап аягына чыгаруу, алдын ала квалификациялоо жана тендердик документтерди даярдоо, тендерди өткөрүү, курулуш иштерин көзөмөлдөө жана Долбоор боюнча квартал сайын ишке ашыруу отчетторун даярдоо. Консультант ошондой эле жол коопсуздугуна тиешелүү иш-чараларды долбоорго киргизүү үчүн долбоордун алкагында жол коопсуздугу боюнча аудит жүргүзөт. Курулуш жана эксплуатация учурунда жумшартуу боюнча зарыл чаралардын эске алынышын камсыз кылуу үчүн Экологиялык жана социалдык башкаруунун деталдуу планы даярдалат. Консультациялык фирмалар алдын ала квалификациялоо жол жоболорунун негизинде 12 эл аралык консультациялык фирмалар кыска тизмегинен тандалып алынат (тизме Сауд фондунан 6 жана Кувейт фондунан 6 фирмасы менен чектелет). Кыска тизмеге кирген фирмалар өз алдынча же алардын экөөнүн ортосундагы консорциум аркылуу сунуш киргизе алышат. Тандоо сапат жана баа метод ыкмасы менен тандалып алынат. Сауд ɵнүктүрүү фонду жана Кувейт араб экономикасын ɵнүктүрүү фонду тарабынан биргелешип каржылана турган консультациялык кызматтар Aраб координациялык тобунун (АКТ) консультанттарды тандап алуу боюнча жетекчилигиндеги көрсөтмөлөрүнө ылайык тандалат.
б) Долбоордун финансылык аудити. Жергиликтүү аудитордук фирма долбоордун жарым жылдык жана жылдык финансылык аудит отчетторун даярдоо үчүн, консультанттарды тандап алуу боюнча ИѲБнын колдонмосунда көрсөтүлгөндөй (апрель 2019-ж.), фирмалардын кыска тизмегинен эн төмөнкү нарк методу аркылуу жергиликтүү тастыкталган аудит фирмасы тандалып алынат.
2)Жарандык иштер – Корумду – Балбай участогундагы автожолун реконструкциялоо долбоору боюнча курулуш иштеринин узундугу 80,5 чакырымды түзөт, проекттин талаптарына ылайык осевой салмак отмө жүктөмү 11,5 тонна, 4 катар 2 жактуу карама каршы тилкелүү жол кыймыл тилкеси болот, жолдун сапаты II категорияга көтөрүлөт, көпүрөлөрдү реабилитациялоо жана куруу, жер жумуштары, дренаждык жумуштарды аткаруу, суу өтүүчү түтүктөрдү жана жол белгилерин орнотуу, жасалма курулуштарды куруу жана калыбына келтирүү жана башка көмөкчү иштер кирет. Жарандык иштерди сатып алуу ачык эл аралык атандаштыктын конкурсунун негизинде, катышуучулардын алдын ала квалификациялоо тандоосу менен ишке ашырылат, б.а. сатып алуу эки этапта жүргүзүлөт: подрядчылардын алдын ала квалификациясы, андан кийин алдын ала квалификацияланган подрядчылардын арасында тендер. Жогоруда аталган Aраб координациялоо тобунун мүчөлөрү тарабынан биргелешип каржылануучу курулуш иштери боюнча контрактты ИӨБнүн товарларды, жумуштарды жана кошумча кызматтарды Сатып алуу Колдонмосунда (апрель 2019 басылышы) көсөтүлгөн жол–жоболоруна ылайык жүргүзүлөт жана бардык укуктуу катышууну каалаган талапкерлер үчүн тендер ачык.
Ачык эл аралык конкуренттүүлүк конкурс жарыялануучу курулуш иштери боюнча келишимди сатып алуу боюнча атайын билдирүү ИӨБ жана AКТ веб-сайттарында, UNDB Online жана DGMarketте, ошондой эле жергиликтүү гезиттерде жана Министрликтин сайтында жарыяланат.
2)Товарлар: Жолдорду тейлөө жабдууларын сатып алуу ИӨБдүн долбоорлорун каржылоо боюнча сатып алуулар боюнча колдонмодо (апрель 2019-ж.) көрсөтүлгөндөй посквалификациядан кийинки процессти колдонуу менен эл аралык атаандаштык конкурс аркылуу ишке ашырылат. Бул келишим боюнча конкурстук сатып алуулар жөнүндө билдирүү ИӨБ, ПРООН Онлайн жана DGMarket веб-сайттарында, ошондой эле жергиликтүү гезиттерде жана Министрликтин сайтында жарыяланат.
Алдын ала квалификациялоого/тендерге чакыруу катын алуу үчүн тизмеге кирүүгө кызыгуу жараткан укуктуу талапкерлер, кызыкдар болгон Сауд жана Кувейт консультанттары, ошондой эле документтин көчүрмөсүн жана кошумча маалыматтарды алууну каалагандарга төмөнкү дарек менен кайрылууга керек:

Группа реализации инвестиционных проектов Исламского Банка Развития
Министерство транспорта и коммуникаций Кыргызской Республики
720017, Кыргызская Республика, г, Бишкек
6 этаж, каб. 611, ул. Исанова 42
Тел.: +996 312 31-43-88, 31-47-22
Факс: +996-312 31-43-88
E-mail: piumotckr@gmail.com

Эскертүү: Сатып алуулар же жалпысынан долбоор боюнча кошумча маалымат алууну каалаган потенциалдуу катышуучулар Араб координациялык тобуна эмес, долбоорлоочу агенттикке кайрылуулары керек.