mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

ЖАЛПЫ САТЫП АЛУУ БИЛДИРҮҮСҮ

Өлкө:       Кыргыз Республикасы

Багыты:   Инфраструктура/Транспорт

Долбоор: Суусамыр-Талас-Тараз автожолун реконструкциялоо, IV фаза, 104,6-197,6 км (узундугу 93 км)

Каржылоо жолу: ИӨБ кредиттери жана гранттары, ОПЕК фондунун жана СӨБнын кредиттери, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн каржылоосу

Каржылоо: KGZ-1027 (ИӨБ)

 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү, Ислам өнүктүрүү банкынан (ИӨБ), Сауд өнүктүрүү фондунан (СӨБ) жана ОПЕК эл аралык ɵнүктүрүү фондунан жалпы суммасы 105,2 млн АКШ доллары өлчөмүндө Суусамыр-Талас-Тараз автожолунун 104,6-197,6 чакырымын реконструкциялоо долбоорунун чыгымдарын каржылоолоруна өтүнүчүн берди жана алынган насыя каражатты Долбоордун алкагында сатып алынуучу товарларга, жумуштарга, жана консультациялык кызматтарга жумшалат.

 

Долбоор төмөнкү компоненттерди камтыйт:

 

  • Консультациялык кызматтар:

 

а) Долбоорду кароо жана курулушту көзөмөлдөө. Бул компонент долбоорду кайра деталдуу карап чыгуу жана тууралап аягына чыгаруу, алдын ала квалификациялык жана тендердик документтерди даярдоону, тендердик процессти жүргүзүүнү, курулуш иштерин көзөмөлдөөнү жана Долбоор боюнча кварталдык отчетторду даярдоону камтыйт. Консультант, ошондой эле айлана-чөйрөнү жана социалдык башкаруу планын иштеп чыгат жана анын аткарылышын көзөмөлдөйт. Ошондой эле, Консультант техникалык долбоорго жол коопсуздугунун тиешелүү чараларын киргизүү үчүн долбоордун алкагында жол коопсуздугунун аудитин жүргүзүүгө милдеттүү.

 

Консультант Ислам өнүктүрүү банкынын мүчө-өлкөлөрүнүн консалтинг фирмаларынын кыска тизмесинен тандалат. Кыска тизмеге кирген фирмаларга өз алдынча же каалаган эки фирманын ортосундагы Консультанттар ассоциациясы аркылуу сунуштарды берүүгө уруксат берилет. Тандоо, сапаты жана баасы метод ыкмасы менен мүчө-өлкөлөрүнүн консалтинг фирмаларынын арасында жүргүзүлөт. ИӨБ тарабынан каржылана турган консультант ИӨБ Долбоорду каржылоо алкагында консультанттарды сатып алуу колдонмосунда көрсөтүлгөн жол–жоболоруна ылайык тандалат (2019-жылдын апрель айы).

 

б) Долбоордун финансылык аудити. Жергиликтүү аудитордук фирма долбоордун жарым жылдык жана жылдык финансылык аудит отчетторун даярдоо үчүн, консультанттарды тандап алуу боюнча ИѲБнын колдонмосунда көрсөтүлгөндөй (2019-жылдын апрель айы), фирмалардын кыска тизмесинен эң төмөнкү нарк сунуштоо методу аркылуу жергиликтүү тастыкталган аудит фирмаларынан тандалып алынат.

2) Жарандык иштер. Автожолун реконструкциялоо долбоору боюнча курулуш иштеринин узундугу 93 чакырымды түзөт (48,4 чакырымы калктуу аймактар жана 44,5 чакырымы эл жашабаган аймактар), болжолдонгон жол тилкеси Талас районунун аймагында жайгашкан жана Талас шаарынын батыш чек арасындагы 104,6 чакырымынан башталып, андан ары жол батыш багыты боюнча Талас облусунун Кара-Буура, Манас жана Бакай-Ата райондору аркылуу өтүп, Казакстан Республикасынын мамлекеттик чек арасына чейин (Кичи-Капка өткөрмө пункту). Жол тилкеси төмөнкү геометриялык параметрлери бар эки жана төрт тилкелүү эл аралык маанидеги жолдун сапаты II техникалык категориясына жаңыртылат:

Калктуу аймактар:

— жер кыртышынын туурасы – 24,0 – 30 м;

— жүрүүчү бөлүктүн туурасы — 14,0 м;

— жол жээктин туурасы 1,5-2,0 м.

Калктуу эмес аймактар:

— жер кыртышынын туурасы — 15 м;

— жүрүүчү бөлүктүн туурасы — 7,5 м;

— жол жээктин туурасы 3 м;

— көпүрөлөр — 7 даана;

— жер астындагы өтүү — 1 даана;

— түтүктөр — 170 даана, анын ичинен съезддерде — 93 даана жана тротуарлардан — 29 даана.

Калктуу аймактарда жол кыймылынын катышуучуларынын коопсуздугун камсыздоо максатында тротуарларды куруу жана жарык берүүчү чырактарды орнотуу пландалган.

Жарандык иш контрактты сатып алууда жогоруда аталган донорлор тарабынан бирге каржыланат жана тендердин катышуучуларынын алдын ала квалификациясы менен Ачык Эл аралык конкурстун негизинде жүргүзүлөт, б.а. Сатып алуу эки этапта жүргүзүлөт: подрядчыларды алдын ала квалификациялоо, андан кийин алдын ала квалификацияланган подрядчылар арасында тендер. ИӨБ Долбоорду каржылоонун алкагында товарларды, жумуштарды жана ага байланыштуу кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алуу боюнча колдонмосунда (2019-жылдын апрель айы) көрсөтүлгөн жол-жоболорго ылайык жүргүзүлөт жана бардык укуктуу катышууну каалаган талапкерлер үчүн тендер ачык.

Жарандык иштери боюнча атайын сатып алуулар жөнүндө билдирүү ИӨБ веб-сайттарында, UNDB Online жана DGMarket сайттарында, ошондой эле жергиликтүү гезиттерде жана Бенефициардын веб-сайтында жарыяланат.

Ачык эл аралык конкуренттүүлүк конкурс жарыялануучу курулуш иштери боюнча келишимди сатып алуу боюнча атайын билдирүү ИӨБ веб-сайттарында, UNDB Online жана DGMarketте, ошондой эле жергиликтүү гезиттерде жана Министрликтин сайтында жарыяланат.

Алдын ала квалификациялоого/тендерге чакыруу жөнөтүү тизмесине кирүүнү каалаган кызыкдар укуктуу талапкерлер (фирмалар), ошондой эле консультациялык кызмат келишимге кызыкчылык билдирүү өтүнүчүнүн көчүрмөсүн алууну каалаган консультанттар же кошумча маалыматты талап кылгандар төмөндөгү дарек боюнча кайрылышы керек:

 

Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин

Ислам өнүктүрүү банкынын долбоорлорун ишке ашыруу бөлүмү

720017, Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары

6-кабат, кеңсе 611, Исанов көчөсү, 42

Тел.: +996 312 31-43-88, 31-47-22

Факс: +996-312 31-43-88

E-mail: piumotckr@gmail.com

 

Эскертүү: Сатып алуу же долбоор боюнча кошумча маалымат алууну каалаган катышуучулар каржылоо уюмдары менен эмес, долбоорду ишке ашыруу бөлүмүнө кайрылуусу керек.