mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

Жалал-Абад облусунун Кызыл-Ата айылындагы жаңы окуу корпусунун куруулушу 85% даяр

Жалал-Абад областынын Ала-Бука районундагы Кызыл-Ата айылындагы  Ы.Чангылов атындагы мектептин окуу корпусунун куруулушу 85% га даяр болууда. Жаңы окуу корпусунун долбоордук кубаттуулугу 225 окуучуга эсептелген, анын курулуушу Сауд Өнүктүрүү фондунун насыя каражаттарынын эсебинен жүргүзүлөт.

Учурда объектте ички жасалгасы, сырткы фасады жана аймакты абаттоо боюнча иштер жүргүзүлүп жатат.

Белгилей кетсек, мектептин курулушу жаңы форматта жүргүзүлүп жатат. Анда окутуу үчүн бардык шарттар каралган. Долбоор боюнча окуу корпусу, галерея, ашкана, спорттук зал, актовый зал, ошондой эле жабдылган химия, физика жана информатика класстары каралган.

Аталган билим берүү объектилеринин сметалык наркысы 705 438 АКШ долларын түзөт, анын ичинен 541 466 АКШ доллары каржыланды. Курулуштун аяктоосу 2021-жылдын жай айларына  пландаштырылган.