mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

Жалал-Абад облусунун Кербен-Үч-Коргон-ГЭС унаа жолунун 60,5-61-чакырым аралыгына асфальт төшөлүүдө

Жалал-Абад облусунун Кербен-Үч-Коргон-ГЭС унаа жолунун 60,5-61-чакырым аралыгына асфальт төшөлүүдө. Азыркы учурда 215 метр жерде жумуштар аяктады. План боюнча 500 метр жерге асфальт төшөлөт.

“Кыргызавтожол” мамлекеттик ишканасынын №12 жол тейлөө мекемесинин кызматкерлери жогоруда аталган жолдун боюндагы элементтерди актап, сырдап, тазалап жатышат.

Ак-Терек-Папан-Кожокелең унаа жолунун 14,5-19,5-чакырым аралыгына асфальт жаткыруу үчүн жер иштери жүрүп, атайын техниканын жардамы менен жол кеңейтилип жатат.

Мамлекеттик маанидеги Гүлчө-Корул-Суу-Дөбө унаа жолунда жаралган аң-чөнөктөрдү толтурууга даярдык иштери жүрүп, Гүлчө-Кызыл-Суу жолунда тегиздөө жумуштары аткарылууда.

Ала-Бука-Жаңы-Базар-Кировка унаа жолунун 180-190-чакырым аралыгын автогрейдер менен тегиздеп сүрүү жумуштары жүрүүдө.

 

КРдин ТжКМдин басма сөз кызматы