mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

Жааган кардан улам жолдор тазаланууда – Транспорт министрлиги

2020-жылдын 8-апрелинде түнү жана учурда республиканын ашууларында жана көпчүлүк аймактарда кар жаап жатат. Ашууларда жааган кардын калындыгы 20-25 см жетти.
Транспорт жана жол министрлигинин жолчулары жолдорду кардан тазалап, инерттүү материалдарды себишүүдө. Учурда министрлик тейлеген жолдордун бары автоунаалар үчүн ачык.
Транспорт жана жол министрлиги ашуулар аркылуу кеткен айдоочуларга жайкы дөңгөлөктөрдү кышкыга алмаштырып, жанында күрөк, чынжыр алып жүрүү керек экендигин дагы бир ирет эскертет.
Унаалар ортосунда 500 метр аралыкты сактоо, кар көчкүнүн алдында калуудан сактайт.
Республикадагы кырдаалга байланыштуу, учурда иштеп жаткан адистердин бардыгы маска, медициналык кол кап, санитайзер менен камсыз болушкан.