mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

Ысык-Көл облусунун айрым аймактарында катуу жааган жамгырдын кесепетинен сел жүрүп, учурда жол тазалоо иштери жүрүп жатат

 

2021-жылдын 30-июлунда  катуу жааган жамгырдын кесепетинен улам №4-Аймактык бɵлүмүнүн  №10, 33, 11, 3, 35 – Жол тейлɵɵ мекемелери тейлеген унаа жолдорунда  кыян каптап, сел жана таш кɵчкүлɵрү жүрүп кээ бир унаа жолдорунун жол каттамы токтотулган. Толук маалымат төмөнкү саптарда.

  1. №10 ЖТМ тейлеген Балыкчы-Боконбаев-Каракол унаа жолдорун 19-25; 34-38; 40-42 км Кара-Талаа-Туура-Суу жолун 5-26 км сел талкалап жолдун 1,5-2 метрге чейинки бөлүгүн кум-шагыл аралашмасы жаап калды. Айыл-ɵкмɵтү тарбынан 1 даана погрузчик, 1 даана эксковатор берилип калыбына келтирүү иштери жүргүзүүдɵ. Азырынча убактылуу жол каттамы бар.
  2. №33 ЖТМ тейлеген Балыкчы-Бөкөнбаев-Каракол унаа жолунун 60-66 км жолдун жээктерин суу алып, учурда калыбына келтирүү иштери жүрүүдɵ. Аталган жолдо 1 даана погрузчик жумуш аткарууда.
  3. №3 ЖТМ тейлеген Барскоон-Ак-Шыйрак 60-65 км Соок ашуусу 105-107 км Карасай ɵрɵɵнүндө да жолду сел алып жолдо 1 даана погрузчик жумуш аткарууда. Учурда жол каттамы бар.
  4. №35 ЖТМ тейлеген Жети-Ɵгүз-Кой-Сары автожолунун 3-4 км сел жүрүп, суу нугунан чыгып жолдордун жээктерин жеп жата. Азыр 1 даана погрузчик, 1 даана эксковатор, 2 даана самосвал “Хово” техникалары тартылып, күзɵт иштери жүргүзүлүп аткаруу иштери жүрүүдɵ.  Жол каттамы бар.
  5. №11 ЖТМ караштуу эл аралык маанидеги Каракол-Энилчек автожолунун 76-77; 131-138 км аралыктарында сел жүрүп, жолдун жээктерин жууп, ал эми тоолу бɵлүктɵрүндɵ таш-кум аралашмасы түшкɵн. 2 даана бульдозер жолдорду калыбына келтирүү иштери аткарууда. Аталган жол убактылуу жабык.

 

КР ТжКМнин басма сөз кызматы