mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

Ысык-Көл облусунда Автотранспорт агенттигин жайкы эс-алуу сезонунда жүргүнчүлөрдү ташуунун коопсуздугун камсыз кылуу боюнча жүргүзгөн рейддик иш чарасы болуп өттү

Автомобиль, суу транспорту жана салмак тыш өлчөм көзөмөлдөө агенттиги  2021-жылдын жайкы эс алуу мезгилинде жүргүнчү ташуучу транспорттордун катышуусунда жол транспорт кырсыктарынын алдын алуу жана жүргүнчүлөрдү коопсуздугун камсыз кылуу максатында  25 — 28-июльга чейин  борбордук аппараттын жана Ысык-Көл аймактык башкармалыгынын инспекторлорунун катышуусу менен   Ысык-Көл облусунда 5 күндүк  рейддик текшерүү иш-чарасын өткөрдү.

Рейд учурунда    Кыргыз Республикасынын  “Автомобиль транспорту” жана “Лицензиялоо жана уруксат тутумдары” жөнүндөгү мыйзамдардын,  “Автомобиль транспорту менен жүргүнчүлөрдү ташууну уюштуруу Эрежелеринин талаптарын  жүргүнчү ташуучулар тарабынан   сакталышына көнүл бурулду. Айдоочулардын рейске чыгаар алдында медициналык  жана автобустардын техникалык кароодон өтүлүшү текшерилип,  лицензиясы жана башгка уруксат кагаздары жок мыйзамсыз жүргүнчү ташыган  автобустардын жана кичиавтобустардын айдочуларына  чаралар көрүлдү.  Андан сырткары, рейд учурунда автобекеттердин аймагынан уруксат берилбеген жайлардан жүргүнчү алган айдоочуларга көзөмөл жүргүзүлдү.

Рейддин жыйынтыгында   жүргүнчү ташуулар боюнча ченем-укуктук актылардын талаптарын аткарбаган фактылар боюнча  52 тартип бузуулар катталып, тийиштүү протоколдор түзүлүп, 157 000 (бир жүз элүү жети мин) сом айып салынды. Алар:

  • медициналык кароодон өтүү же рейске чыгар алдындагы транспорт каражаттарынын техникалык абалын контролдон өтпөгөндүгү үчүн 77000 сом.
  • Иштөө графигин сактабагандыгы үчүн 6000 сом.
  • лицензиясы (уруксаты) жок үчүн 30000 сом
  • камсыздандыруу (страховка) жок үчүн 18000 сом
  • жүргүнчүлөр үчүн зарыл маалыматтардын жоктугу үчүн 26000 сом айыптар салынды.

Мындай иш-чаралар республика боюнча ар бир облустарда жүргүзүлүүдө.

 

КР ТжКМнин басма сөз кызматы