mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

Урматтуу кесиптештер жана кымбаттуу достор! Жаңы 2023-жылыңыздар менен!

Өтүп жаткан жыл көптөгөн кызыктуу окуяларды, чоң долбоорлорду жана баарыбыз сыймыктана турган жетишкендиктерди алып келди. Транспорт тармагы өнүгүүдө жана бул өлкөнүн транспорт жана жол кызматкерлери сиздердин аркаңыздар менен болуп жатат. Быйыл биз биргелешип автожолдорду жана темир жолдорду куруп, жаңы транспорттук инфраструктуранын элементтерин түзүп , тармакты санариптештирүүгө салым коштук.

Өлкөбүздүн бийик тоолуу жана жетүү кыйын шарттарына байланыштуу автомобиль транспорту Кыргызстандын транспорт системасынын маанилүү элементи болуп саналат. Маалыматка ылайык, жүргүнчүлөрдү жана жүктөрдү ташуулардын 95%ы транспорттук комплекстин негизги бөлүгүн түзгөн автомобиль транспорту менен ишке ашырылат.

Белгилүү болгондой , Кыргыз Республикасында автомобиль жолдорун куруу, реабилитациялоо жана реконструкциялоо өлкөнүн экономикалык кайра жаралуусунун ажырагыс бөлүгү болуп саналат. Өлкөбүздө стратегиялык мааниси чоң жолдорду куруп, республикабыздын экономикасынын өнүгүшүнө салым кошуу менен жаркын келечегибизди түзүп жатабыз. Ошентип, өнүккөн автотранспорт системасын түзүү менен биз бара-бара транзиттик өлкөгө айланып баратабыз. Кыргызстан жакынкы келечекте эл аралык транзиттик мамилелердин бизнес катышуучуларынын бири болорунда шек жок.

Белгилей кетсек, учурда ири долбоорлордун катарында Түндүк-Түштүк альтернативалык автожолунун курулушу ийгиликтүү жүрүп жатат. Бул долбоорду ишке ашыруу Россия – Казакстан – Кыргызстан – Тажикстан маршруту боюнча транзитти камсыз кылат.

Өлкөнүн автотранспорт тармагынын стратегиялык максаты болуп экономиканын бардык чөйрөлөрүндө жоопкерчиликтүү башкаруу, жүк ташууларды сапаттуу аткаруу жана жүргүнчүлөрдү жана жүктөрдү ташуудагы коопсуздукту камсыз кылуу саналат. Транспорт ишканаларынын уюштуруучулук-укуктук формаларынын структурасы жана саны жыл сайын өзгөрүп турат. Бул транспорттук кызмат көрсөтүүлөр чөйрөсүндө атаандаштыктын жана реалдуу суроо-талаптын принциптери менен жөнгө салынган оптималдуу рынокту калыптандыруу уланып жатканын көрсөтөт.

Келээрки жылда ,дүйнөдөгү геосаясий кырдаалды эске алуу менен автотранспорт чөйрөсүндө талап кылынган уруксат кагаздарын электрондук форматка өткөрүү, Кыргызстандын жүк ташуучулары үчүн жаңы транспорт коридорлорун пайдалануу боюнча иштерди жүргүзүү, автобекеттерде жүргүнчүлөр үчүн заманбап шарттарды түзүү жана экологиялык жактан таза электроавтобустарды алып келүү боюнча чоң жумуштар аткарылат.

Республиканын автотранспорт комплексинин кызматкерлери өлкөнүн 2023-жылдагы социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө чоң салым кошорунда шек жок . Келээрки жылдын артыкчылыктуу багыты болуп региондук каттамдарды жана эл аралык жана жергиликтүү маанидеги жолдорду өнүктүрүү болот. Биз транспорттук тапшырмаларды аткарууга жооптуубуз. Бул чоң жоопкерчилик гана эмес, ошондой эле биздин мүмкүнчүлүктөрүбүзгө татыктуу чакырык. Биз Кыргызстандын элин заманбап, ыңгайлуу, коопсуз жана эффективдүү транспорттук инфраструктураны камсыздайбыз деп ишенем .

Сиздердин талыкпаган эмгегиңиздин аркасында Кыргызстандын эли жакынкы келечекте замандын бардык талаптарына жооп берген заманбап жолдор менен сапаттуу транспорттук каттамдарга ээ болоруна ишенем. Өлкөбүздүн транспорт жана жол тармагы өнүгүп, Кыргызстандын элинин жыргалчылыгы үчүн кызмат кылсын!

Дагы бир жолу, 2023-жаңы жылыңыздар менен! Баарыңыздарга чың ден соолук, бакубат жашоо жана асыл максаттарыңызга  жетүү үчүн ийгиликтерди каалайм.

КР Транспорт жана коммуникациялар министри       Т.Текебаев