mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

Унаалардын салондорунда дезинфекция иштелип чыккан атайын алгоритмге ылайык жүргүзүлүүдө

2020-жылдын 5-июнунан баштап аймактарга каттамдар аткарыла баштады. Жүргүнчүлөрдү ташуу атайын иштелип чыккан алгоритмге ылайык жүргүзүлүүдө.
«Кыргыз автобекети» мамлекеттик ишканасында күнүгө дезинфекция жүргүзүлүүдө.
Автобекетте адамдар көп топтолгон жерлерде — кассаларда, аялдамаларда байма-бай дезинфекция жүргүзүлүүдө. Ал эми автотранспорттун салондору рейске чыгаар алдында дыкат тазаланып дезинфекцияланууда.
Айдоочулар күнүнгө эртен менен медициналык текшерүүдөн өтөт – анда дене табы, кан басымы текшерилет.
Ошондой эле жүргүнчүлөрдүн да дене табы текшерилип, алардын аты жөнү, байланыш номерлери катталат.
Унаалардын салондорунда дезинфекция иштелип чыккан атайын алгоритмге ылайык жүргүзүлүүдө.