mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

Унаа жолдорунун курулушуна, капиталдык, орто жана учурдагы курулуш жумуштарында, унаа жолдорду жана жол курулмаларын жалпы пайдаланууда туруктуу техникалык көзөмөлдөөнү жүргүзүү үчүн Консультациялык кызматтарды көрсөтүүгө, туруктуу техникалык көзөмөлдөөнү жүргүзүүгө кызыкдар компанияларды конкурска чакыруу.

Унаа жолдорунун курулушуна, капиталдык, орто жана учурдагы курулуш жумуштарында, унаа жолдорду жана жол курулмаларын жалпы пайдаланууда туруктуу техникалык көзөмөлдөөнү жүргүзүү үчүн Консультациялык кызматтарды көрсөтүүгө, туруктуу техникалык көзөмөлдөөнү жүргүзүүгө кызыкдар компанияларды конкурска чакыруу.

Жарыялоо датасы: 28.02.2018

Тапщырыктарды

берүүнүн акыркы

мөөнөтү : 12.03.2018

1.ЖАЛПЫ ИНФОРМАЦИЯ

Консультациялык кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алуу КР Транспорт жана жолдор министрлигинде жүзөгө ашырылып жана жүргүзүлүп жаткан реформанын алкагында жол секторунда жана унаа жолдорду негизги максаттарынын бири болуп иш милдеттерин бөлүштүрүү боюнча схема: Заказчы-Подрядчы — Көз каранды эмес консультант жана Кыргыз Республикасынын «Автомобиль жолдору жөнүндө» Мыйзамына ылайык (караңыз редакциясы КР 2011-жылдын 15-июлундагы N 105).

Жол жумуштарына туруктуу техникалык контролду жүзөгө ашыруунун жана жүргүзүүнүн максаты — жол жумуштарынын бардык баскычтарында анын сапатын көзөмөлдөө.

Министрликтин 2018-жылдын учурдагы бюджеттен каржылануучу жол жумуштарынын планына төмөндөгү оңдоо иштеринин түрлөрү кирди: орто оңдоо иштеринен – асфальт төшөө иштери, кара шагыл жана шагыл төшөө иштери, майдаланган таштар менен бодурлоо иштери, көпүрөлөрдү куруу, оңдоо, бекемдөө иштери, суу жээктерин бекемдөө иштери, суу өткөрүүчү түтүктөрдү оңдоо иштери, оңдоо жана калыбына келтирүү иштери, жолдордогу авариялык-коркунучтуу участокторду жоюу иштери; учурдагы оңдоо иштеринде – аң-чөнөктөрдү оңдоо иштери, жолдорду профилдөө, жол четтерин планировкалоо ж.б. иштери.

Оңдоо-курулуш иштери 2018-жылдын аягына чейин жүргүзүлөт.

Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жолдор министрлигинин алдындагы Жол чарба департаменти (мындан ары Департамент)

министрликтин структуралык бөлүнүшү катары Кыргыз Республикасынын унаа жолдору боюнча Атайын ыйгарымдуу башкаруу органы катарында консультациялык кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алууда Тапшырыкчы катары эсептелинет.

Туруктуу контроль жана техникалык көзөмөл жүргүзүү учүн Тапшырыкчы — Консультант – АТКАРУУЧУНУ бул жумуштарга тартат. Бул үчүн Аткаруучунун курулуш жана оңдоо иштерин туруктуу техникалык көзөмөл жүргүзүүдө жетиштүү тажрыйбасы болушу керек. Аткаруучуну тандоодо Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын чегинде жана сапаты жана наркы боюнча усулунун негизинде жүргүзүлөт. Төмөндөгү техникалык тапшырма (ТШ) жол курулуш, оңдоо, унаа жолдорун кармоодо техникалык козомол жүргүзүүнүн көлөмун жонүндө сыпаттама берет.

2.МАКСАТТАРЫ

Департаментке Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын чегинде унаа жолдорундагы курулуш иштеринин бардык стадияларында сапаттулукту камсыздоо үчүн квалификациялуу консультациялык кызмат көрсөтүүлөрдү ишке ашырууга муктаж. Бул максатта, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын чегинде конкурстук тандоонун негизинде коюлган талаптарга ылайыктуу эл аралык , жергиликтүү же бир нече компаниядан түзүлгөн консорциум консалтинг компаниялары жалпы колдонуудагы унаа жол курулуштарын, капиталдык, орто жана учурдагы унаа жолдорун жана жол курулуштарын оңдоо жумуштарын туруктуу көзөмөл жүргүзүүгө тандалып алынат.

3.ЖУМУШТАРДЫН КӨЛӨМҮ

Келишимдин алкагында кызмат көрсөтүүлөрдүн көлөмү төмөндөгүлөрдү түзөт (деталдуу сыпаттамасы Техникалык тапшырмада көрсөтүлгөн жана берилген Сунуштардын бир бөлүгү болуп эсептелинет) :

1.Жол курулуштарынын, жол оңдоо, жолдорду кармоо, көпүрөлөрдү жана жасалма инженердик курулмаларды куруудагы аткарылган жумуштардын көлөмдөрүнүн ведомостторуна мониторинг жүргүзүү.

Бул компонент төмөндөгү милдеттерди камтыйт:

-Департамент аркылуу 2018-жылдын курулуш, оңдоо, кармоо Титулдук тизмесине киргизилген унаа жолдорун, көпүрөлөрдү жана жасалма инженердик курулмаларын текшерип чыгуу;

-проекти аткаруу үчүн жумуштардын түрлөрүн, көлөмдөрүн аныктоо;

— проектинин болгон бардык документтерин, жумушчу чиймелерин, жумуштардын көлөм ведомостторун, дефекттик ведомостторду курулуш же ондоо жумуштары башталаар алдында карап чыгуу жана кабыл алуу;

-подряддык жумуштар башталаар алдында подрядчынын ресурстарды мобилизация пландарын карап чыгуу жана кабыл алуу;

  1. Жол куруу жумуштарын, капиталдык орто жана учурдагы оңдоо , унаа жолдорду кармоо, жасалма инженердик курулмаларды куруу процесстерин көзөмөлдөө;

Бул компонент төмөндөгү милдеттерди камтыйт:

-подрядчыда пайда болгон суроолорду өз убагында чечип берүүнү уюштуруу жана түшүндүрүү иштерин жүргүзүү;

-подрядчынын жумуштарды уюштуруу жана аткаруу иштерине мониторинг жүргүзүү;

-подрядчы түзгөн жумушчу чиймелерди, аткаруу чиймелерин текшерип жана инспекция жүргузүп, анын негизинде Тапшырыкчынын макулдугун алуу;

-подрядчынын сапатты текшерүү программасын, негизги жабдуулардын, механизмдердин жана персоналды текшерүү;

-курулушка пайдаланылган материалдарды инспекция жана сыноо иштерин жүргүзүү. Материалдардын сапаты сыноодон өтпөгөн учурда тезинен подрядчыга кабарлама берүү;

-Табыштамачыга жумуштарды кабыл алууга жана жараксыздоого рекомендацияларды түзүп берүү;

-жол куруу жумуштары жүрүп жаткан обьекттерде жол жүрүү коопсуздугун камсыз кылууга көмөктөшүү;

-курулуш жумуштары жүрүп жаткан учурда планга, спецификацияларга өзгөртүүлөрдү киргизүүнүн зарылдыгын же керектүүлүгүн Табыштамачыга кабарлама берүү;

-жактырылган жана кабыл алынган жумуштардын, пайдаланган материалдардын көлөмдөрүн текшерүү, өлчөп чыгаруу. Ай сайын аткарылган жумуштардын актыларын (процентовкаларын) текшерүү;

-мониторинг жолу менен подрядчынын жумуш аткаруу учурунда айлана-чөйрөгө кылган таасирин текшерүү: (1) жерлерди жана карьерлерди кайра калыбына келтирүү, (2) курулушка керектелүүчү суу алынуучу жерлер, (3) токсиндүү материалдарды көзөмөлдөө, (4) ылдый көздөй аккан суунун сапатын көзөмөлдөө ;

-жумуш көлөмдөрүң мезгил-мезгили менен текшерүү жана курулушка кеткен сарптоолорду туруктуу көзөмөлдөө;

-Подрядчы тарабынан курулуштун мөөнөтү, кошумча жумуштарга төлөмдөр, негизги материалдарга баалардын өзгөрүшү ж.б. маселелелер же претензиялар боюнча Табыштамачыга рекомендацияларды берет;

-пландаштырылбаган жумуштар пайда болгондо Подрядчы менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү жана Табыштамачыга рекомендацияларды берүү;

-Табыштамачыга айлык, кварталдык, жылдык отчетторду даярдоо:

-курулуш аяктагандан кийин Табыштамачыга 12-айлык тейлөө мезгилинин датасын бекитип берүү;

3.Консультант курулуш жана оңдоо жумуштары 2018-жылдын аягында бүтүрүлгөнгө бардык күчүн жумшаш керек.Жу муштардын бардык этаптарында Консультант инженердик стандарттарды жана нормаларды Подрядчы тарабынан так, кынтыксыз аткарууну камсыз кылат.

4.Консультант Табыштамачынын макулдугу менен проектке тийешелүү кошумча кызматтарды аткарат.

4.ТАПШЫРМАНЫ АТКАРУУ УЗАКТЫГЫ

Тапшырманы аткаруу мезгили – 2018-жылдын 31-декабрына чейин. Консультант кызматты аткарууга Келишимге кол коюлаар менен киришет.

5.ОТЧЕТТУУЛУК жана ЖУМУШ АТКАРУУ ГРАФИГИ

Төмөндөгүлөрдүн негизинде Консультант Департаментке кагаз жана электрондук түрдө орус же кыргыз тилинде 2 нускада отчет тапшырат:

Туруктуу көзөмөлдөгү документтер:

-негизги курулуш конструкцияларынын жоболорун аткаруучу схемалары, өзгөртүүлөр киргизилген (эгер киргизилсе) аткаруучу чиймелерди проектини түзгөн ишкана менен макулдашуу жана бекитүү;

-курулуш обьектисине келген даяр курулуш конструциялардын техникалык паспорттору, сапаттык сертификаттары (сапатты текщерүү кызматтарынын мөөрү менен);

-курулушта колдонулган материалдардын сапатын аныктаган сертификаттары же паспорттору;

-материалдардын лабораториялык сынактан өткөндүгү жөнүндөгү лабораториянын жыйынтыктары;

-көмүскө жумуштарынын, конструкцияларды орто-аралык кабыл алуунун актылары, конструкцияларды сыноодон өткорүүнун актылары (эгерде сынактан откорүү проектиде каралган болсо);

-өндүрүш журналдары:

-эксплуатацияга кабыл алуудан мурда курулуштарды текшерүүнүн жыйынтыктары;

-жумуштарды аткаруу графиктери;

Отчеттор жана аларды тапшыруу мөөнөттөрү

Консультант отчетторду/документтерди төмөндөгу №1 таблицада көрсөтүлгөн нускада жана мөөнөттө тапшырышы зарыл.

№1 Таблица. Консультанттын отчеттору

Отчеттор/документтер Тапшыруу мөөнөту Нуска саны

1)Курулуштун жүрүшү

боюнча айлык отчеттор Ай сайын 2

2)Кварталдык отчеттор Ар бир 3 ай сайын 2

3)Жылдык отчеттор Жылына 1 жолу 2

4)Келишимдин

аякталыш отчеттору Келишим аяктагандан кийин 2

5)Эксплуатациялык

мезгилдин аякталыш

отчеттору Курулуш аяктагандан кийин 1 жылда 2

  1. Күтүү жыйынтыктары

1.Жумуштардын календарлык планы.

2.Рекомендацияларды түзүү.

3.Отчеттор.

7.КВАЛИФИКАЦИЯЛЫК ТАЛАПТАР

Кызыкдар болгон эл аралык, жергиликтүү консультациялык компаниялар же бир нече компаниялардан түзүлгөн консорциумдар бул конкурстук тандоого катыша алышат жана ал үчүн өзүлөрүнүн квалификациясы жөнүндө төмөндөгү маалыматтарды жибериши керек:

1.Унаа жолдорун курууда жана башкарууда тастыктама документтер (акыркы жылдардагы келишимдер жана тапшырыкчылардын адрестери менен).

2.Консультаннттын негизги адистери тууралуу информация. Алардын квалификациясы жана тажрыйбасы жөнүндө маалымат.

3.Консультанттын командасынын жол курулуш тармагында жетиштүү тажрыйбасы жана төмөнкү специалисттерди камтыш керек:

1) Инженер-жолчу /топтун детекчиси/

2)Инженер-жолчу /проектировщик/

3) Көпүрөлөр боюнча инженер ИССО

4)Материалдар жана кыртыштар боюнча инженер

5)Көлөмдөр боюнча инженер /топограф/

6)Көзөмөл кылуу боюнча инспектор

Кызыкдар болгон катышуучулар аталган адистердин квалификациясын тастыктаган документтер кыстарышы керек (аталган жумуштарга дал келген сыпаттамалар, резюме ж.б.) . Андан сырткары Консультанттын жеке менчиктеги же ижарага алынган жана аккредитациядан өткөн жол лабораториясы жөнүндө документтер тиркелиши зарыл.

Консультант жергиликтүү жол куруу боюнча адистерди тартуу мүмкүнчүлүгү жөнүндө информация (алардын квалификациясын Кыргыз Республикасынын шартында көтөрүү максатында).

Департамент өзүнө жумуштардын көлөмүнө өзгөртүү киргизүү акысын калтырат.

Консультантты тандоо Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик сатып алуулар” Мыйзамынын негизинде өтөт жана “сапаты жана наркы” усулу менен жүргүзулөт. Бардык суроолор менен бул адрестерге кайрылса болот: э/п sarginbai@mail.ru Тел.(312) 31-40-17, (559) 75-57-57 Адрес Бишкек ш., 720017 Исанов көчөсү 42 (2-кабат, 210- бөлмө).

Катышуучулар кол коюлган табыштамаларын (PDF-форматында жана кагаз түрүндө) орус тилинде 2018-жылдын 12-мартында саат 14-00 чейин тапшырышы керек : Бишкек ш. Исанов к. 42 ( 2-кабат 210-каб.) Тел. (312) 31-41-27, (0559) 75-57-57, Э/п.: sarginbai@mail.ru

Кыска тизмеге кирген катышуучуларга чакырык кат жиберилет.