mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

Улукбек Карыбек уулу 18 декабрь 2021жылы “Оймо Медия” Ютуб канылында чыгарган видео материалга тушундурмо: Бишкек — Ош жолун реконструкциялоо долбоору, 4-фаза, Бишкек — Кара-Балта участогу, 8,5 км — 61 км. жол кыймылынын коопсуздугу боюнча 2021 жылдын 21 декабрына карата маалымат.

Улукбек Карыбек уулу 18 декабрь 2021жылы “Оймо Медия” Ютуб канылында чыгарган видео материалга тушундурмо: Бишкек — Ош жолун реконструкциялоо долбоору, 4-фаза, Бишкек — Кара-Балта участогу, 8,5 км — 61 км. жол кыймылынын коопсуздугу боюнча 2021 жылдын 21 декабрына карата маалымат.
Бишкек-Кара-Балта жолунун негизги бөлүгүндө жол белгилерин орнотууну камтыган аймакты жакшыртуу иштери улантылып азыркы учурда аба ырайынын ыңгайсыз шарттарына байланыштуу жол белгилерин орнотуу иштери токтотулган, бирок 2021-жылдын 21-декабрынан баштап, жагымдуу аба ырайы шартында Подрядчы оңдоо иштерин кайра баштоону пландаштырууда. Учурда 45,1 км тилкеде долбоорго ылайык 703 жол белгилери орнотулду.
Ушуга кошумча 7,4 км тилкеде жол куруу иштери кийинки курулуш мезгилине чейин убактылуу токтотулган. Ошол эле учурда Подрядчы келишимге ылайык долбоордук жолду тейлөө иштерин ишке ашырууда.
Бүгүнкү күндө 7,4 км тилкеде 3 маалымат-эскертүү тактасы, 36 негизги жол белгилери жана 11 убактылуу жол белгилери орнотулду. Ошондой эле, Подрядчы убактылуу жол белгилерин тилкени текшерип, кошумча орнотот.
Белгилей кетсек, долбоордогу унаа жолунда жол коопсуздугун камсыз кылууда орнотулган убактылуу жол белгилери жана маалымат-эскертүү такталары системалуу түрдө уурулук фактылары бар болгондугунан улам жоголуп кетет, бирок убактылуу калыбына келтирилип турат. Подрядчынын айтымында, акыркы убакта 49 убактылуу жол белгиси жоголгон.
2021-жылдын 20-декабрында Инженердин кеңсесинде Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин өкүлдөрүнүн, Подрядчынын жана Консультанттын катышуусунда өткөн кеңешмеде подрядчыга долбоордук жолдо коопсуздукту камсыздоо боюнча иштерди күчөтүү, ошондой эле, долбоордук тилкеде күнүнө эки жолу, эртең менен жана кечинде мониторинг журналын толтуруу менен мониторинг жүргүзүү тапшырмасы берилген.
КР ТжКМ басма соз кызматы