mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

Учурда Бишкек-Ош автомобиль жолунун 132,5-137 км тилкесинде 37650 м2 өлчөмүндөгу жолдо эски асфальт алынып жана 30600 м2 жаңы асфальт-бетон төшөлдү

Учурда Бишкек-Ош автомобиль жолунун 132,5-137 км тилкесинде ( Төө-Ашуусунда) 37650 м2 өлчөмүндөгу жолдо  эски асфальт алынып жана 30600 м2 жаңы асфальт-бетон төшөлдү

Бишкек-Ош унаа жолдорунун мамлекеттик дирекциясы Бишкек-Ош унаа жолунун 132.5тен 141-чакырымына асфальт-бетон төшөө тартибине байланыштуу төмөнкүлөрдү  билдирет.

Республикалык бюджеттен 2021-жылга “Капиталдык салымдар” беренеси боюнча каржылоо үчүн сунушталган объекттердин жана курулуш долбоорлорунун тизмесине ылайык, Бишкек-Ош унаа жолунун 132,5-141 чакырымдарында асфальт-бетон төшөөчү түзүлүш үчүн 170 000 миң сом каралган, негизи 2021 -жылга пландаштырылган каржылоо суммасы 65 000,0 миң сом. Бүгүнкү күндө республикалык бюджеттен 83 000 миң сом каржыланган.

ПИК тарабынан даярдалган долбоордук сметалык документтер. Сметанын баасы 165012,388 миң сомду түзөт. Көрсөтүлгөн тилкелерде эски асфальтбетондун төшөлмөсүн тегирмендөө жана «Узундугу 8,5 км болгон эки катмарлуу асфальт-бетон төшөмүн куруу» иштери жүргүзүлүүдө, ошондой эле долбоордо жолдун тилкесин белгилөө каралган.  Термопластик жана жол белгилерин орнотууда.

Курулуш иштери подряддык ыкма менен жүргүзүлүп жатат, Бишкек-Ош жолунун 132,5тен  141-чакырымына асфальт-бетон төшөө үчүн тендер 2021-жылдын 14-июнунда Кыргыз республикасынын Транспорт жана Коммуникациялар министрлигин алдындагы Бишкек-Ош Бишкек-Ош жолунун мамлекеттик дирекциясынын №9  ЖТМ тарабынан жарыяланган.  7-июнь 2021-жылы экспертиза  болгон.

Бүгүнкү күндө №9  ЖТМ менен “Мостдорстрой” ЖЧКсынын ортосунда Бишкек-Ош унаа жолунда 132,5-141-чакырымдарга асфальт-бетон төшөө орнотуу боюнча иштерди аткаруу боюнча келишим түзүлгөн.

Учурда 132,5-137 км тилкесинде 37650 м2 өлчөмүндө эски жана 30600 м2 жаңы асфальт-бетон төшөлдү, башкача айтканда  3.2 км.

Бишкек-Ош жолунун жогорудагы тилкесиндеги курулуш иштерин 2021-жылдын 30-сентябрына чейин бүтүрүү пландалууда.

КР ТжКМнин басма сөз кызматы