mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

ТжКМ 2023-жылдын 11-январынан 13-январына чейин күтүлүп жаткан аномалдуу суукка байланыштуу чукул муктаждык болбосо ашуу тилкелерине жолго чыкпоону сунуштай

ТжКМ 2023-жылдын 11-январынан 13-январына чейин күтүлүп жаткан кардан жана -38 градуска чейин суук болушуна байланыштуу  чукул муктаждык болбосо ашуу тилкелерине барбоону сунуштайт.

Бишкек-Ош унаа жолунун Сосновка транспорттук көзөмөл постунда туруксуз аба ырайына байланыштуу 2023-жылдын 10-январынан тарта жүк ташуучу унааларга чектөө киргизилди. Төө-Ашуу ашуусун камтыган КР Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу №9 ЖТИ “Кыргызавтожол” мамлекеттик ишканасынын кызматкерлери жолду кардан тазалоо жана тайгакка каршы инерттүү материалдар менен толтурууда. Ушундай эле жумуштарды Ала-Бел, Өтмөк, Чапчыма ашууларында жана башка жолдордун татаал тилкелеринде жолчулар тарабынан жүргүзүүдө.

Кыргызгидромет билдиргендей, 2023-жылдын 11-январында Кыргызстанда кар жаайт, күндүз

-16га чейин суук болот. Жолдор карга толуп, муз тоңгон. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, Ысык-Көл акваториясында 15-20 метрге чейин жетет.

Күтүлүп жаткан аномалдуу суукка байланыштуу Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникацичлар  министрлиги айдоочуларга алыс жолдорго чыкпоону, эгерде алар буга чейин чыгып кеткен болсо, республиканын автожолдорунун ашуу тилкелерин кесип өтүүдө кар чынжырчаларын алып жүрүүнү жана кардан тазалоочу атайын техниканын ишине тоскоол болбошу үчүн каршы тилкеге ​​чыкпоону сунуштайт

Күтүлүп жаткан суукка байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда жана айрым жолдордо кар көчкү түшүшү, жана жолдорго муз тоңушу күтүлөт. Автомобиль жолдорунда кар көчкү коркунучу бар аймактардан өтүүдө унаалардын ортосундагы 500 метр аралыкты так сактоо зарыл экендигин эскертебиз.

КР ТжКМнин басма сөз кызматы