mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

Turmush.kg маалымат сайтынын 2021-жылдын 20-июнундагы «Үйлөрдүн дубалдарындагы жана пайдубалдарындагы жаракалар — Бишкек-Кара-Балта жолунун курулушунун кесепеттери» деген макаласын карап чыгып, Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникация министрлиги (мындан ары — КР ТКМ) төмөнкүлөрдү билдирет

Бүгүнкү күнгө, Бишкек-Кара-Балта жолунун (8,5 кмден 61 кмге чейин) узундугу 52,5 км болгон бөлүгүнүн курулуш иштерин жана тейлөөсүн, БАРЭК 3 коридорун жакшыртуу, Бишкек-Ош, 4-фаза долбоорун ишке ашыруучу China Railway No5 подряддык компаниясы жүргүзүп жатат.

Бурул Кадыркулованын турак жайы жөнүндө маалыматка байланыштуу. КР ТКМдин бардык жүргүзүлүп жаткан инвестициялык долбоорлорунун алкагында, курулуш иштери башталганга чейин, визуалдык текшерүү жолу менен, реконструкцияланган жолдун айланасында жайгашкан имараттардын абалын комиссиялык текшерүү жүргүзүлөт. Комиссиялык сурамжылоонун жыйынтыгы боюнча, курулуш иштери башталганга чейин акт түзүлөт жана сурамжылоого алынган объектилердин учурдагы абалы жөнүндө фотосүрөттөр тартылат. КР ТКМнин даттанууларын каттоо тутумунда, жогорудагы макалада келтирилген Бурул Кадыркулованын арызы боюнча маалымат жок. Бирок, 2017-жылдын 25-сентябрынан Р.Кадыркуловго таандык Полтавка айылынын  Централдык 250 дареги боюнча турак үйдү комиссиялык текшерүү актысы бар. Бул актыга ылайык, турак үйдүн жана имараттардын абалын визуалдык текшерүү учурунда, курулуш иштери башталганга чейин, үйдүн сырткы дубалдарында жана чарбалык курулуштарда жаракалар катталган. Үйдүн ичин визуалдык текшерүү учурунда, ички дубалдар тушкагаздары менен чапталгандыгынан, жарака кеткендиги аныкталган эмес.

КР ТКМ 2018-жылдан бери Подрядчик жол жээгиндеги курулуштарга таасир тийгизбөө максатында титирөө жок тыгыздоо ыкмасын колдонуп келе жаткандыгын баса белгилеп кетким келет. Мындай чечим, 2017-жылы курулуш иштеринин башталышында курулуш техникасынын ызы-чуусу, термелүүсү жана турак үйлөрдүн дубалдарында жаракалар пайда болушу мүмкүн деп тынчсызданган Петровка айылындагы жергиликтүү калктан келип түшкөн арыздардын жыйынтыгы боюнча кабыл алынган.

Мындан тышкары, КР ТКМ учурдагы долбоор башталганга чейин, арыздарды кароо боюнча, айыл өкмөттөрүнүн өкүлдөрү кирген топтор түзүлгөнүн белгилейт. Жергиликтүү калктан келип түшкөн арыздар менен билдирүүлөргө КР ТКМ тарабынан ыкчам жооп кайтаруу үчүн даттанууларды кароо механизминин алкагында топтор түзүлгөн. Бул механизм жергиликтүү калкка КР ТКМнин адистери, консультанты жана подрядчысы менен түздөн-түз «байланышуу» үчүн айыл өкмөттөрүнө каалаган арыздарын же сунуштарын жөнөтүүгө мүмкүнчүлүк берет. Арыздарды кароо механизмин колдонуп, 2017-жылдан ушул күнгө чейин жергиликтүү калктын бардык арыздары жана кайрылуулары каралып, талаш-тартыштарды Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарынын чегинде чечүү боюнча тиешелүү чечимдер кабыл алынган.

Белгилей кетүүчү нерсе, титирөө жок тыгыздалуу иштери, курулуш иштеринин кечеңдешине себеп болууда. Жол боюнда жайгашкан турак үйлөр негизинен эски (1950-жылы курулган) болгондуктан, курулушта колдонулган материал жана курулуш ыкмасы курулуш эрежелеринин талаптарына жооп бербегендигине байланыштуу, термелүү ыкмасын колдонуудан баш тартууга аргасыз болушкан.

Адатта, материалды тыгыздоодо колдонулган титирөө ыкмасы жарака кетириши мүмкүн, бул өз кезегинде жергиликтүү калктын нааразычылыгын жаратат. Ушуга байланыштуу, КР ТКМ Азия Өнүктүрүү Банкы менен биргеликте, долбоордогу жолдун сапатына коюлган талаптарга жетүү үчүн, титирөө ыкмасын колдонбостон, жол роликтеринин ашуусун көбөйтүү менен, тыгыздоо иштерин жүргүзүүнү чечти.

Жогорудагы макалада Петровка айылындагы турак үйлөрдү «талкалоо» жөнүндө маалымат ишенимсиз, белгиленгендей, 2017-жылы Петровка айылынын тургундарынан ызы-чуу, титирөө жана жаракалар боюнча арыздар катталгандан кийин, бардык курулуш иштери 7 айга токтотулган. Бардык факторлорду изилдеп чыккандан кийин, ошондой эле келип түшкөн арыздардын маңызын эске алуу менен, жолду куруу ыкмасы, титирөөсүз ыкмага өзгөртүлгөн.

Авариялык үйлөргө байланыштуу маалымат. Бул маселе жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ыйгарым укуктарына жана үй чарбасынын ээсине тиешелүү. Кыргыз Республикасынын ТКМ тарабынан жаракалар боюнча жергиликтүү тургундардын кайрылууларын карайт жана келип түшкөн ар бир кайрылуу кылдаттык менен каралат, зарыл болгон учурда келип түшкөн арыздын бардык жагдайларын тактоо үчүн атайын адистер тартылат. Курулуш иштеринин имараттарга (турак жай имараттарына, чарбалык курулуштарга) тийгизген таасири аныкталган учурда, Подрядчы Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарынын талаптарына ылайык толук жоопкерчилик тартат. Бирок, бүгүнкү күнгө чейин, КР ТКМ тарабынан каралган жергиликтүү калктан келип түшкөн арыздардын, даттануулардын жана кайрылуулардын арасында, курулуштун натыйжасында жаракалар пайда болгондугу тастыктала элек жана Подрядчы тарабынан аткарылган иштер, имараттардын жана курулмалардын бүтүндүгүнө таасирин тийгизбейт.

Кириш жана чыгыш жолдор боюнча. Бүгүнкү күндө долбоордун бүткүл аймагында дренаждык лотокторду орнотуу иштери уланууда. Дренаждык лотокторду орнотуу аяктагандан кийин, Подрядчы, ар бир турак үйдүн кириш жана чыгыш жолдорун калыбына келтирүү иштерин жүргүзүп жатат. Ал үчүн дренаждык лотоктордун үстүнө орнотулуучу бетон плиталары колдонулат. КР ТКМы, жергиликтүү тургундардан келтирилген ыңгайсыздыкты түшүнүү менен мамиле кылууну өтүнөт, бирок Подрядчы кириш жана чыгыш жолдорду курууда технологиялык процессти сакташы керек.