mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

Транспорт жана жол министрлиги тейлеген жолдордо өзгөчө абал учурунда курулуш жана ондоо иштерин жүргүзүүдө

Транспорт жана жол министрлигинин жолчулары өлкө аймагындагы өзгөчө абал убагында курулуш жана ондоо иштерин улантууда.
Мындан тышкары, жол четтериндеги белгилер сырдалып, таштандылардан тазаланууда.
Бүгүн 11-май министрлик тейлеген жолдордо каттам бар. 10-май күнү республиканын көпчүлүк ашууларында кар жаап, жолдор тазаланган. Бүгүн эртен менен Барскоон-Ак-Шыйрак автожолундагы Сөөк ашуусунда кар жааган, жолчулар жолдорду тазалап, каттамды камсыз кылышты.
Ал эми учурда өлкөдө түзүлгөн абалда иштеп жаткан адистер санитардык нормаларды сактап иш алып барышууда, зарыл болгон медициналык каражаттар менен камсыздалышкан.