mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин кызматкерлери эл аралык сертификаттарга ээ болушту

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин кызматкерлеринин квалификациясын жогорулатуу боюнча уюштурулган 3 күндүк тренинг ийгиликтүү жыйынтыкталды. ФИДИК келишимдери тууралуу билимин тереңдетип, билбегенин үйрөнгөн кызматкерлер окуунун аягында тест тапшырып, анын жыйынтыгы менен эл аралык сертификаттарга ээ болушту.

Окуу процессине катышып, тренингдин программасы менен таанышып чыккан Транспорт жана коммуникациялар министри Тилек Текебаев сертификаттарды тапшырып жатып, кызматкерлер алган билимдерин иш жүзүндө колдонуп, Кыргызстанда да, чет өлкөлөрдө да ишке ашыра аларына ишенимин билдирди.

Белгилей кетсек, ФИДИК келишимдери тууралуу билимди тереңдетүү жана аны курулуш келишимдеринде туура колдонуу максатын көздөгөн тренингдин лектору 25 жылдык тажрыйбасы бар кесипкөй инженер-куруучу Эдин Бегович болду.

Белгилей кетсек, буга чейин жылына 10 кызматкер чет өлкөгө окутууга жөнөтүлүп келсе, эми чет өлкөлүк тажрыйбалуу адистер Кыргызстанга келип, билгени менен бөлүшүп, 50дөн ашык кызматкерлерди окутушту. Мындай тренинг, семинарлар буга чейин Нарында, Бишкекте, Ошто уюштурулган.

Президент Садыр Жапаровдун колдоосу жана Транспорт жана коммуникациялар министринин демилгеси менен өтүп жаткан окутуулар дагы да үзгүлтүксүз уланып, кызматкерлердин билимин жана алардын кесиптик деңгээлин жогорулатууга мындан ары да чоң көңүл бурула турганы белгиленди.

КРдин ТжКМдин басма сөз кызматы