mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин №9, 23 жана 36-ДЭУ кызматкерлери 2022-2023-жылдардын күз-кыш мезгилине даярдалган музга каршы инерттүү материалдар менен жолдордун ашуу тилкелерин тазалоодо.

Төө-Ашуу, Ала-Бел жана Өтмөк ашууларына кар жаагандыктан, Бишкек-Ош, Талас-Тараз-Суусамыр унаа жолунун аталган ашуу тилкелеринде унаалардын жүрүшүнө тоскоолдуктар жаралган. Буга байланыштуу КР Транспорт жана коммуникациялар министрлиги айдоочуларды жайкы дөңгөлөк менен ашуу тарапка айдабоого чакырат. Өтмөк тилкелерине чыгууда жайкы дөңгөлөктөрдү кышкы дөңгөлөктөр менен алмаштыруу, кар чынжырларын, тиешелүү жабдууларды алып жүрүү жана жол эрежелерин жана аралыкты сактоону эскертет.Кыргызгидромет билдиргендей, 4-октябрда түнкүсүн Ысык-Көл облусунун көпчүлүк аймактарында, Чүй, Талас, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Ош, Жалал-Абад облустарынын жана Баткен облусунун тоо этектериндеги жана тоолуу райондорунда жаан-чачын күтүлбөйт. Жаан-чачын. күндүз Чүй, Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Жалал-Абад облусунун тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда жаан жаап, Ош облусунун тоолуу райондорунда кар жашы күтүлүүдө, Жалал-Абад өрөөндөрүндө жаан жаап, күн күркүрөйт.Жалал -Абад, Ош облусунун дыйканчылык зонасында жана Баткен облусунда жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 м/с.

КР ТжКМнин басма сөз кызматы