Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу “Кыргызавтожол” мамлекеттик ишканасынын аймактарды тейлеген жолчулары тарабынан аткарылган иштердин түрмөгү:
- 122 просм.
Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу “Кыргызавтожол” мамлекеттик ишканасынын аймактарды тейлеген жолчулары тарабынан аткарылган иштердин түрмөгү:
№19 Жол тейлөө ишканасы тарабынан Талас шаарындагы Манас көчөсүнүн бир бөлүгүнө асфальт төшөлдү.
Жалпы 14 чакырымды түзгөн Ача-Кайыңды-Калинин унаа жолунун 3 чакырымына асфальт төшөө каралып, бүгүнкү күндө 2 км 100 метр жер оңдолду.
Түп районундагы Михайловка-Николаевка-Токтоян унаа жолуна асфальт басуу иштери жүрүүдө.
№ 46 Жол тейлөө ишканасынын жолчулары жөө жүргүнчүлөр өтө турчу чийиндерди жаңылап жатат. Мындай иштер жети дубанда тең жүргүзүлүүдө.
Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун четин тазалап, ирээтке келтирүү иштери жүрүп жатат.
Токмок-Шамшы-Туюк унаа жолунун 22,625-23-чакырым аралыгына асфальт төшөлдү.
Ысык-Көл облусунун Бөкөнбаев-Көл-Төр-Дөң-Талаа (45-48-чакырым аралыгы) унаа жолуна асфальт төшөө иштери жүргүзүлүүдө. Учурда 1,250 км жер жасалды. План боюнча 5 чакырым оңдолот.
Мамлекеттик маанидеги Нарын — Орук-Там жолунун 20-50-чакырым аралыктарын автогрейдер менен тегиздөө иштери жүрүп жатат.
Суусамыр-Талас-Тараз унаа жолунун (Өтмөк ашуусу) жаңы асфальтталган жалпы 6 чакырым жолдун жээги тегизделип жатат.
Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин басма сөз кызматы