mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинде “Мамлекеттик органдардагы мамлекеттик тилдин абалы” аталышындагы жыйын өттү

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинде “Мамлекеттик органдардагы мамлекеттик тилдин абалы” аталышындагы жыйын өтүп, “Мамлекеттик, муниципалдык органдардагы мамлекеттик тилдин колдонулушу: Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө КР Мыйзамынын аткарылышы талкууланды.

Ага министрликтин борбордук аппаратынын, түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жетекчилери менен кызматкерлери катышты. Жыйында Президенттик Администрациясынын изилдөөлөр, саясатты иштеп чыгуу жана реформаларды ишке ашыруу бөлүмүнүн башчысынын орун басары Октябрь Капалбаев, КРдин Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиясынын төрагасы Каныбек Осмоналиев, “Кыргызтест” мамлекеттик мекемесинин директору Батма Ставинская сөз сүйлөп, “Кыргызтесттин” директору мамлекеттик кызматкерлердин тилди билүү деңгээлин баалоо маселелерине токтолду.

Жыйындын жүрүшүндө Президенттин колдоосу менен эне тил маселесине олуттуу мамиле жасалып, документтерди мамлекеттик тилде жүргүзүүгө көңүл бурула баштаганы белгиленди. Транспорт жана коммуникациялар министринин орун басары Акуналы Досалиев министрликтин бул жаатта жүргүзгөн иш-чараларына кыскача токтолуп өттү.

Суроо-жооп ирээтинде уланган жыйында министрликтин кызматкерлери сөздүктөрдү чыгарып, онлайн окутуу уюштуруу сунушун беришти. Ошондой эле мамлекеттик тилди дагы да терең билип, үйрөнүү үчүн окутуучуларды мекемеге чакыруу сунушу да айтылды.

Белгилей кетсек, 2018-жылдан бери мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер кыргыз тилин билүү деңгээлин аныктоо боюнча “Кыргызтест” системасы аркылуу тест тапшырып келишет. Мамлекеттик тил боюнча тестте лексикалык нормаларды жана грамматикалык эрежелерди иш жүзүндө колдонуу, маалыматты угуп жана окуп түшүнө билүү, оюн оозеки жана жазуу жүзүндө билдире алуу жөндөмдөрү бааланып, тестти ийгиликтүү тапшырган катышуучуларга сертификат берилип келет.

КРдин ТжКМдин басма сөз кызматы