mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинде кызматкерлерди ардактуу эс алууга узатуу аземи өткөрүлдү

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинде кызматкерлерди ардактуу эс алууга узатуу аземи өткөрүлдү. Иш-чарага борбордук аппараттын жана түзүмдүк бөлүмдөрдүн кызматкерлери катышты. Эс алууга узап жаткандарды мекеме жетекчиси Тилек Текебаев куттуктап, министрликте көп жылдар бою үзүрлүү эмгектенип, бай тажрыйбасы менен билимин жаш адистер менен бөлүшкөн кызматкерлерге ыраазычылык билдирди. “Мамлекеттик кызматта жарым кылым иштеп, өлкөнүн өнүгүшүнө өз салымыңыздарды коштуңуздар. Биздин эшик сиздерге ар дайым ачык. Каалаган учурда келип, кеп-кеңештериңиздерди угууга биз даярбыз”,-деди министр. Ал кызматкерлерге бекем ден соолук, бакубат жашоо каалап, атайын даярдалган белектерди тапшырды.

Өз кезегинде ардагерлер дагы жетекчиликке, кесиптештерине ийгиликтерди каалап, ой-тилектерин айтып, батасын беришти.

Белгилей кетсек, ардактуу эс алууга узап жаткан Нурбүбү Ногойбаева Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин Иш кагаздарын жүргүзүү жана көзөмөлдөө бөлүмүнүн башкы адиси (мамлекеттик тил боюнча) болуп 10 жылга чукул эмгектенсе, ал эми Салый Надырбекова ушул эле бөлүмдө башкы адис кызматында 2014-жылдан тарта иштеп келе жатат.

КРдин ТжКМдин басма сөз кызматы