mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

Транспорт жана коммуникациялар министринин орун басары Ырысбек Бариев Нарын облусуна иш сапары менен барып, аймактагы жол куруу иштеринен кабар алды

Транспорт жана коммуникациялар министринин орун басары Ырысбек Бариев Нарын облусуна иш сапары менен барып, аймактагы жол куруу иштеринен кабар алды. Ал иш сапардын алкагында Нарын аэропортунун учуу тилкесин, калаанын ички жолдорун, Нарын-Баетов унаа жолун жеринен көрүп, жүрүп жаткан жумуштарга көз салды. Жолчулар менен баарлашкан Ырысбек Бариев ишти өз убагынан кечиктирбей бүтүрүүнү тапшырды.

Белгилей кетсек, быйыл Нарын шаарынын 44 көчөсүн оңдоо каралган. Ал эми Нарын-Баетов унаа жолунун 36 чакырымына асфальт төшөлөт. Учурда бул жерде эски асфальтты сыйруу иштери жүрүп жатат.

КРдин ТжКМдин басма сөз кызматы