mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

Транспорт жана Коммуникациялар Министри Ысык-Көл аймагындагы калыбына келтирүү иштеринин жүрүшү менен таанышты

 

Бүгүн,  2021 -жылдын 30 -июлунда Транспорт жана Коммуникация министри Г.К. Абдралиева Балыкчы-Бөкөнбаев-Каракол жолунун жогорудагы тилкелериндеги оңдоо жана калыбына келтирүү иштеринин жүрүшү менен таанышып, кырсыктын кесепеттерин жоюу боюнча тиешелүү тапшырмаларды берди.

Жогоруда аталган аймактарга төмөндөгүдөй зыян келтирилген:

3- 200 км 15 м3 өлчөмүндөгү жол төшөлмөсү жуулуп кеткен;

18-22 км 300 м3 өлчөмүндөгү учураган жол катмары жараксыз абалда;

33-38 км  500 м3 көлөмүндө сел жүргөн;

40-41 км  25м3 көлөмдөгү жол жуулуп кеткен;

Селдин кесепеттерин жоюу үчүн төмөнкү жол курулуш техникалары тартылган:

№10 ЖТМнин балансынан:

Алдыңкы жүктөгүчтөр — 4 даана.

Автогрейдер — 1 даана

Самосвал — 1 даана

Жолдун жогоруда аталган бөлүгү ДЭУ-10 балансында турат.

№33 ЖТМ тейлеген жолдун тилкесинде:

60-66 км өлчөмүндөгү жол төшөлмөсү жуулган;

62 — 400 км 150м3 көлөмүндө сел кеткен;

Кырсыктын кесепеттерин жоюу үчүн төмөнкү техникалар тартылган:

Алдыңкы жүктөгүч — 1 даана.

 

КР ТжКМнин басма сөз кызматы