mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

Транспорт жана коммуникациялар министри Тилек Текебаев Ысык-Көл жана Нарын облустарына иш сапары менен барып, салынып жаткан жолдорду жеринен көрдү

Келечек биздин барган жерибизде эмес, биз жараткан нерседе. Жолдорду издебей, куруш керек.

Транспорт жана коммуникациялар министри Тилек Текебаев Ысык-Көл жана Нарын облустарына иш сапары менен барып, салынып жаткан жолдорду жеринен көрүп, курулуш иштеринин жүрүшүнө көз салды.

Алгач ведомство жетекчиси Ысык-Көл облусундагы Балыкчы-Тамчы-Чолпон-Ата-Корумду унаа жолуна барды. Иштин нугуна көз салган минстр жолду белгиленген нормага ылайык салуу талабын койду.

Буга чейин Балыкчы-Тамчы-Чолпон-Ата-Корумду унаа жолунун 10-23-чакырым аралыгындагы жолдун бир тарабын 1-июнга чейин бүткөрүү тапшырмасы жол курган подрядчы компанияга жүктөлгөн. Компаниянын түшүндүрмөсүндө, аба-ырайынын (жаан-чачын токтобой) шартына байланыштуу убакыт созулуп, бүтүрүү мөөнөтү жылып кеткен. Анткен менен жакынкы күндөрү жолдун бир тарабы аяктоо алдында турат.

Президенттин тапшырмасын мөөнөтүндө аткаруу максатында Нарын шаарынын ички жолдорунда жүрүп жаткан иштердин көлөмүнө да көз салган министр, жолдорду сапаттуу куруу тапшырмасын берди. Баса белгилеп кетчү жагдай, бул жол Нарын мэриясынын карамагында. Андыктан анын сапатына, салынышына жергиликтүү тургундар да көз салып, сунуш-пикирлерин билдире алышат.

Быйыл жалпы Нарын шаары боюнча 44 көчөнү асфальттоо каралып, бардык иштерди жол мезгилинде бүткөрүү тапшырылган. Курулуш иштеринин жүрүшү жана өз убагында бүткөрүлүшү жеке министрдин көзөмөлүндө турат.

КРдин ТжКМдин басма сөз кызматы