mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

Транспорт жана коммуникациялар министри Тилек Текебаев Нарын шаарынын ички көчөлөрүн жана Нарын-Баетов унаа жолун оңдоо долбоорлору менен тааныштырды

Транспорт жана коммуникациялар министри Тилек Текебаев Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун Нарын облусуна жасаган иш сапарынын алкагында өткөрүлгөн жумушчу кеңешменин жүрүшүндө Нарын шаарынын ички көчөлөрүн жана Нарын-Баетов унаа жолун оңдоо долбоорлору менен тааныштырды.

Алсак, Нарын шаарында 18,5 чакырым ички көчөлөрдү оңдоо пландалып, ага 133 миллион сом керектелет. Негизги Ленин көчөсүнө жүктү азайтуу үчүн Орозбак уулу көчөсүнүн айланма жолго чыгуучу 1,28 км узундуктагы уландысын куруу пландалууда. Ошондой эле, Ленин көчөсүн толук реконструкциялоо, аллеяларды жана 9,5 км узундуктагы ирригациялык системаларды куруу планда каралган.

Министр Мамлекет башчысына IV категориядагы мамлекеттик маанидеги Нарын-Баетов унаа жолунун жалпы узундугу 120 чакырымды түзөрүн билдирди. 2023-жылы трассанын 36 чакырымына асфальт төшөө пландалууда. Сметалык баасы 612 млн сомду түзөт. 2-этапта 2024-2025-жылдары трассанын калган 84 чакырымына асфальт төшөө пландалууда. Долбоорлорду каржылоо республикалык бюджеттин эсебинен ишке ашырылат.

Президент Садыр Жапаров быйыл Баетов-Нарын унаа жолунун 36 чакырымына асфальт төшөө иштерин бүтүрүүнү тапшырды.