mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

Транспорт министрлиги тейлеген бардык унаа жолдордо каттамдар ачык

Транспорт жана жол министрлиги тейлеген жолдордо каттамдар ачык. Ошондой эле жолчулар курулуш жана ондоо иштерин улантууда. Жол четтериндеги белгилер сырдалып, таштандылардан тазаланууда.
Казарман-Актал-Чат автожолу Кара-Гөө ашуусу, Балыкчы-Бөкөнбаев-Каракол автожолу Сөөк ашуусунда жолду кенейтүү иштери аткарылууда.
Ал эми учурда өлкөдө түзүлгөн абалда иштеп жаткан адистер санитардык нормаларды сактап иш алып барышууда, зарыл болгон медициналык каражаттар менен камсыздалышкан.