mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

Транспорт каражаттарын салмак-габариттик көзөмөлдөөнү жакшыртуу жана Транспорт көзөмөл пунктарында коррупциялык көрүнүштөрдү жокко чыгаруу максатта КР ТжК тарабынан тиешелүү зарыл чаралар көрүлүүдө.

Транспорт каражаттарын салмак-габариттик көзөмөлдөөнү жакшыртуу жана Транспорт көзөмөл пунктарында коррупциялык көрүнүштөрдү жокко чыгаруу максатта КР ТжК тарабынан тиешелүү зарыл чаралар көрүлүүдө.

Транспорт каражаттарын салмак-габариттик көзөмөлдөөнү жакшыртуу жана Транспорт көзөмөл пунктарында коррупциялык көрүнүштөрдү жокко чыгаруу максатта КР ТжК тарабынан тиешелүү зарыл чаралар көрүлүүдө.
Кызматтык ишин жүргүзүүдө трапнпортук контроль пункутунда (ТКП)-да аныкталган тартип бузуулар жана инспекторлордун мыйзамсыз иш-аракеттери боюнча министрликтин алдынадагы Автмобиль, суу жана салмак тыш Департаменти тарабынан кечиктирилгис чаралар көрүлүүдө. 2021-жылда ушундай терс көрүнүштөр боюнча 21 инспектор жумуштан бошотулуп, 3 инспекторго укук коргоо органдары тарабынан кылмыш иши козголгон.
Бүгүнкү күндө транспорт каражатарынын салмак-габариттик көзөмөлүн жүргүзүү жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорунда жайгашкан 20 Транспорт көзөмөл пунктарында (ТКП) “Электрондук транспорт көзөмөл” маалымат тутумун пайдалануу менен жүргүзүлөт. Транспорт каражатын таразалоодо туура маалыматтарды камсыз кылуу максатта траза жабдыктары метрология жана стандартташтыруу чөйрөсүндө мамлекеттик ыйгарым укуктуу органы тарабынан жыл сайын текшерүүдөн өтүп турушат.
Жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорунда жүрүү үчүн автотранспорт каражаттарынын чектелген салмак-габариттик нормалары Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 8 августундагы №454-токтому менен аныкталган. Министрлик тарабынан автотранспорт каражаттарынын чектелген салмак-габариттик нормаларын жагдайга жараша өз учурунда жаңылап туруу боюнча тиешелүү иштер жүргүзүлүп келүүдө. 2021-жылы автоташуучулардан бул чектелген салмак-габариттик нормаларга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу сунуштар келип түшкөн. Бул сунуштарды карап чыгуу үчүн тиешелүү жумушчу топ түзүлүп, бир нече кеңешмелер өткөрүлгөн. Тиешелүү токтомдун долбоорун даярдоодо ташуучулардын бир катар сунуштары, анын ичинде ири көлөмдөгү жана оор жүк ташуучу атайын транспорт каражаттарын салмак габариттик нормаларды киргизүү, дөңгөлөктөрдүн скаттуулугун эске алуу, атайын уруксаттарды алууну, макулдашууну жөнөкөйлөтүү, салмак-габариттик көзөмөлдүн жыйынтыгын милдеттүү (электронндук табло) түрдө ташуучуга жеткирүү шарттарын түзүү жана башка сунуштар эске алынып, долбоорго киргизилген. Мындан тышкары, ташуучулардан кышкы шартта октук басымдын нормасын көбөйтүү тууралу да сунуш түшкөн. Бирок, өлкөбүздө автожолдордун өзгөчөлүктөрүн эске алуу мененжумушчу топ тарабынан бул сунуш кабыл алынган эмес. Ташуучулардын ассоциацияларынын өкүлдөрүнүн катышуусу менен биргелешкен жумуштун жыйынтыгында токтомдун долбоору даярдалып, ал Министрлер Кабинентинин 2022-жылдын 14-январында №12-токтом менен кабыл алынды. Киргизилген өзгөртүүлөр бөлүнгүс ири көлөмдөгү жана оор жүктөрдү ташууга жагымдуу шарттарды түзүп, атайын уруксаттарды транспорт көзөмөл пунктарында алууга мүмкүнчүлүк берет жана ташуучулардын башка сунуштарын камтыйт.
Кошумча белгилеп кетсек, айрым транспорт көзөмөл пунктарында электрондук таблолордун иштен чыгып калуусу орун алууда, жана аны жөндөө үчүн кошумча каражаттар талап кылынууда. Министрлик тарабынан информациялык тутумду, анын ичинде транспорт көзөмөл пунктарында электрондук таблонун кынтыксыз иштеп туруусун камсыз кылуу боюнча тиешелүү чаралар көрүлүүдө.
Инспекторлордун коррупциялык иш-аракеттерин жоюу жана салмак-габаритиик көзөмөлдү жүргүзүүдө адам факторун азайтуу максатта министрлик тарабынан салмак-габариттик көзөмөлдү жаңы информациялык тутумдарды колдонуу менен толук автоматташтыруу тууралуу чечим кабыл алынып, бул багытта салмак-габариттик көзөмөлдү автоматташтырууну мамлекеттик-жеке өнөктөштүк (аутсорсинг)методун кодонуу боюнча жигердүү иштер башталды. Бүгүнкү күндө бул долбоордун техникалык тапшырмасы жана техникалык-экономикалык негиздемеси даярдалган.
Министрлик бул долбоорду ишке ашыруу менен коррупциялык көрүнүштү толук жоюп, автожолдордун сакталышын транспорт көзөмөл пунктарындагы инспекторлордун катышуусуз толук кандуу камсыз кылууга жетишет деп белгилейт.

КР ТжКМ басма сөз кызматы