mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

Транспорт каражаттарын милдеттүү техникалык кароодон өткөрүү системасы боюнча

Кыргызстанда транспорт каражаттарын милдеттүү техникалык кароодон өткөрүү системасын кайрадан киргизүү керек. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникация министрлигинин Жол-транспорт коопсуздугун текшерүү жана көзөмөлдөө башкармалыгынын жетекчиси Гүлсада Ибраимова билдирди.

Гүлсада Ибраимова: ЕАЭБдин техникалык регламентинин талабы бонча өлкөдөгү бардык транспорт каражаттары техникалык кароодон өтүшү керек

Транспорт жана коммуникация министрлигинин Жол-транспорт коопсуздугун текшерүү жана көзөмөлдөө башкармалыгынын жетекчиси Гүлсада Ибраимова бүгүн Sputnik Кыргызстандын маалымат борборунда өткөн брифингге катышкан. Ибраимованын айтымында, ЕАЭБдин техникалык регламентинин талабы боюнча, өлкөдөгү бардык транспорт каражаттары техникалык кароодон өтүшү керек», — деди ал.

Башкармалыктын улук инспектору Медер Каныбеков ЕАЭБдин техрегламентине ылайык келтирүү үчүн ички мыйзамдарга өзгөртүү киргизүү керектигин белгиледи.

Эске салсак, 2012-жылы Кыргызстанда автоунааларды милдеттүү түрдө техникалык кароодон өткөрүү жокко чыгарылган. Мындай кадам коррупциялык тобокелчиликтерди азайтуу максатында жасалган болчу.

КР ТжКМ басма сөз кызматы