mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

Транспорт инистрлигинин №36 ЖТМсинин техникалары жана кызматкерлери Талас-Тараз-Суусамыр унаа жолунун Өтмөк ашуусун тазалоого даяр

2021-2022-жылдардагы күз-кыш мезгилине карата Өтмөк ашуусунун батыш тарабында (36 км) жайгашкан КР Транспорт жана комуникациялар министрлигинин №36 Жол тейлөө башкармалыгы 50 тонна өлчөмүндөгү техникалык туз даярдады. Ал эми 70 тоннасы жакынкы убакта жеткирилет. 6 км үчүн жалпысынан 3200 тонна кум-туз аралашмасы жыйналып алынды. Мындан тышкары 1000 тоннасы Талды-Булак айылындагы базада, калган 700 тоннасы 36- 84 чакырымга чейинки жолдун четинде даярдалды. Ошондой эле, ашууну кардан тазалоо үчүн атайын жабдуулар оңдоодон өттү. Алар эки автогрейдер жана жүктөгүч, бир ISUSU машинасы (самосвал), бир ISUSU вагону (кран), бир МАЗ МДК (самосвал), бир УАЗ автоунаасы катары кызматтык унаалар.

Жумушчулар кар жааган учурда ашууга инерттен тайып кетүүгө каршы материалдарды ыргытууга жана  жумуштарды аткаруу үчүн график түзүлдү. Башкача айтканда, климаттык шарттар өзгөргөн учурда тиешелүү техникалар жана №36 ЖТМнин кызматкерлери Талас-Тараз-Суусамыр унаа жолунун Өтмөк ашуусун тазалоого даяр.

КР ТжКМнин басма сөз кызматы

Сүрөт: Туз жана туз аралашмасы Талды-Булак айылындагы базада жана №36 ЖТМде  даярдалган.