mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

Тоолуу аймактарда көчкү түшүү коркунучу жогору

Бүгүн, 24-апрелде абанын температурасынын жогорулашына жана күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, ошондой эле унаа жолдордо кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлөт, жолдор тайгак болуп муз тоңот.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тараткан шашылыш билдирүүдө көрсөтүлгөн кооптуу тилкелер:

Бишкек-Ош унаа жолунун 121-138-чакырымдарында (Төө-Ашуу ашуусу), 207-250-чакырымдарында (Ала-Бел ашуусу, Чычкан капчыгайы);

Каракол-Эңилчек унаа жолунун 45-50, 70-86-чакырымдарында (Чоң-Ашуу ашуусу).

Барскоон-Ак-Шыйрак унаа жолунун 52-68-чакырымдарында (Сөөк ашуусу) көчкү түшүү коркунучу жогору.

Транспорт жана коммуникациялар министрлиги унаалардын ортосундагы 500 метр аралык так сакталышы зарыл экенин эскертет. Ал эми мекемеге караштуу жол тейлөө ишканаларынын кызматкерлери өздөрүнө берилген аймакты толук көзөмөлгө алып, жаралган кырдаалды тез арада жөнгө салууга даяр турушат.

КРдин ТжКМдин басма сөз кызматы