mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

Токио шаарында «Бишкек-Ош унаа жолунда кар күрткүсүнөн коргоо» долбоору боюнча келишимге кол коюлду

27- декабрында Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министри Т.Текебаев Токио шаарындагы Япония Эл аралык Кызматташтык Агенттиги (JICA) тарабынан каржыланган «Бишкек-Ош унаа жолун кар күрткүсүнөн коргоо» долбоорунун алкагында, Эл аралык операциялар департаментинин вице-президенти Takeshi  Kawai,  IWATA CHIZAKI INK компаниясы   менен келишимге кол койду.

Кар күрткүсү Кыргызстандын жол тилкелерине, тактап айтканда, стратегиялык маанидеги Бишкек-Ош автожолуна мүнөздүү. Жол кыймылынын коопсуздугун жана үзгүлтүксүздүгүн камсыздоо үчүн Япония Өкмөтү Кыргызстанга 1 033 000 000,0 жапон йени өлчөмүндө акысыз (гранттык) жардам көрсөттү.

«Бишкек-Ош жолун кардан коргоо» долбоорунун максаты кыш мезгилинде Бишкек-Ош унаа жолунун жээгинде жүктөрдү жана жүргүнчүлөрдү ишенимдүү жана эффективдүү ташууну камсыз кылуу, кардын күрткүсүнөн коргой турган эки объектти куруу болуп саналат.

Кардан коргоочу тосмолордун жалпы узундугу 4512 метрди түзөт, тактап айтканда Төө-Ашуу-ашуусу аркылуу 2008 м жана Ала-Бел ашуусу аркылуу 2504 метрди түзөт. Тосмолордун бийиктиги 3,0дон 4,0 мге чейин , тосмолордун тазаланышы 30%дан 40%ке чейин. Жогорудагы долбоор боюнча курулуш иштерин баштоо 2023-жылга белгиленген. “Бишкек-Ош унаа жолун кар күрткүсүнөн коргоо” долбоору 2027-жылдын 31-декабрында аяктайт.

КР ТжКМнин басма сөз кызматы