mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

Тепке-Курбу-Жылдыз унаа жолуна асфальт төшөлүүдө

Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районундагы Тепке-Курбу-Жылдыз унаа жолуна асфальт төшөө иштери кызуу жүрүп жатат. “Кыргызавтожол” мамлекеттик ишканасынын Ысык-Көл филиалынын жолчулары жолдун 500 метрдей аралыгына асфальт жаткырышты.

Белгилей кетсек, жол оңдоо иштери кечээ, 2-апрелде башталган. Быйыл Тепке-Курбу-Жылдыз унаа жолунун 5 чакырымын оңдоо каралган. Асфальт төшөө иштери бардык курулуш нормаларына жооп берет.

КРдин ТжКМдин басма сөз кызматы