mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

Талас-Тараз унаа жолундагы “Урмарал дарыясындагы көпүрөнү реконструкциялоо” долбоору боюнча , көпүрөнүн жакын жерлеринде жер астындагы катмарды куруу боюнча активдүү даярдык иштери жүрүп жатат.

Талас-Тараз унаа жолундагы Урмарал  дарыясындагы көпүрөнү реконструкциялоо долбоору боюнча ,көпүрөнүн  жакындаган жерине жер астындагы катмарды иретке келтирүү, жээк куруу, долбоордук аянттын астына түшкөн жер астындагы суулардын нугун буруу үчүн дренаждык иштер кызуу жүрүп жатат.Көпүрөнүн устундарын чыгаруучу участокто иштер жүрүп жатат. Подрядчик ошондой эле көпүрөнүн устундары үчүн арматуралуу каркастарды даярдоо жана габиондорду орнотуу иштерин баштады.

ул жерге жээктеги жана аралык көпүрөнүн тирөөчтөрүн орнотуу үчүн Япониядан үймөкчү машина келди. Учурда жабдууларды орнотуу иштери жүрүп жатат. Жээк тирөөчтөрүн орнотуу ушул жылдын сентябрынын башына пландаштырылган.

Маалым болгондой, Талас-Тараз унаа жолундагы “Урмарал  дарыясындагы көпүрөнү реконструкциялоо” долбоору боюнча «2022-жылдын жаз айларында “Урмарал  дарыясындагы көпүрөнү реконструкциялоо” долбоору боюнча мобилизациялык иштер башталган. Үрмарал Талас-Тараз автожолунда» долбооруна Япония Эл аралык Кызматташтык Агенттиги (JICA) кол коюу учурунда 16,2 млн АКШ долларына жакын грант бөлгөн (1 785 000 000 япон иени). Буга чейин, 2020-жылдын 14-февралында, консалтингдик компания “Katahira and Engineers International”, менен келишим түзүлгөн, подрядчы — “Takenaka Civil Engineering and Construction Company”.

Долбоордогу участок  Талас (Кыргызстан) — Тараз (Казакстан) эл аралык автожолунун 82-чакырымында жайгашкан, бул Кыргыз Республикасынын Талас облусу үчүн чоң социалдык-экономикалык мааниге ээ.

Бул жол Кыргыз Республикасынын батыш аймагынан жана андан ары Казакстан Республикасына, Өзбекстан Республикасына жана Россия Федерациясына жүктөрдү ташууну камсыз кылган жалгыз транзиттик жол каттамы болуп саналат. Географиялык жактан Долбоордун аймагы Талас районуна, административдик жактан Бакай-Ата айыл өкмөтүнө карайт. Учурда карьерди иштетүүгө уруксат алынган жана участокто активдүү иштер жүрүп жатат, атап айтканда: көпүрөгө жакындоочу жолдорду даярдоо иштерин, жээктерди курууну, долбоордук аянттын астына түшкөн жер астындагы суулардын нугун буруу боюнча дренаждык иштерди, өсүмдүктөрдүн катмарын алып салуу, ошондой эле көпүрөнүн устундарын даярдоо боюнча участокто жумуштарды жүргүзүүдө.

Подрядчы көпүрөнүн устундары үчүн арматуралуу каркастарды даярдоо жана габиондорду орнотуу иштерин баштады. Жээк жана аралык көпүрө тирөөчтөрүн орнотуу үчүн Япониядан үймө машина алынган. Учурда жабдууларды орнотуу иштери жүрүп жатат. Жээк тирөөчтөрүн орнотуу ушул жылдын сентябрынын башына пландаштырылган. Аяктоо 2024-жылдын апрелинин аягына пландаштырылган.

КР ТжКМнин басма сөз кзматы