mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

Талас-Тараз-Суусамыр унаа жолунун Өтмөк ашуусунда №36 ДЭУнун кызматкерлери жол тилкесин кардан тазалоо жана 0 чакырымдан 16 чакырымга чейин инерттүү тайгак материалдарын чачуу иштерин жүргүзүп жатышат. Талас-Тараз-Суусамыр унаа жолунун Өтмөк ашуусунда No36 ДЭУнун кызматкерлери жол тилкесин кардан тазалоо жана 0 чакырымдан 16 чакырымга чейин инерттүү тайгак материалдарын чачуу иштерин жүргүзүп жатышат.

Кыргызгидрометтин 9-февралдагы маалыматына караганда, түнкүсүн Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Талас, Ош облустарынын кээ бир райондорунда мезгил-мезгили менен кар жаайт, Ысык-Көл, Нарын облустарында жаан-чачын күтүлбөйт.

Эртең менен жана күндүз көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен кар жаайт, Чүй, Жалал-Абад облустарынын кээ бир райондорунда жаан-чачын катуу жаашы мүмкүн. Жолдор карга толуп, муз тоңот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге чейин жетет.

2022-жылдын 9-февралында Түндүк-Түштүк альтернативдик унаа жолунун Балыкчы-Кочкор-Эпкин жана Кочкор-Эпкин тилкесиндеги 62,4-89,5-чакырымдарында жолду тегиздөө иштери жүрүп жатат. Ушул эле күнү 3-4 см жааган кардан улам №36 ДЭУнун кызматкерлери Өтмөк ашуусунда Талас-Тараз- Суусамыр жол тилкесин кардан тазалап жана 0-16 чакырым аралыкка инерттүү тайгак материалдарын чачып жатышат.
Талас-Тараз-Суусамыр унаа жолунун Өтмөк ашуусун тейлеген ДЭУ-36 кызматкерлери да 2022-жылдын 8-февралында жааган кардан улам жолдун 0-16-чакырымын тазалоо иштерин жүргүзүшкөн. Ошол эле күнү Түндүк-Түштүк альтернативалык автожолунун Арал-Казарман участкасынын 251+000-291+000, 264+520, 275+030 км тилкесинде, Министрликтин №18 ДЭУнун жумушчулары шагыл, таштардан тазалоо иштери жүргүзүлдү. Ошондой эле, Түндүк-Түштүк альтернативдик унаа жолунун 135-140-чакырымдарына чейинки Эпкин-Дыйкан тилкесинде жолдорду жамоо жана тегиздөө иштери жүргүзүлдү.

2022-жылдын 8-февралында Түндүк-Түштүк альтернативалык унаа жолунун Арал-Казарман участогунун 195-254-чакырымында аба ырайынын бүркөк болушуна жана жааган карга байланыштуу бүгүнкү күндө кум шагыл түшүрүү, кум себүү иштери жүргүзүлүүдө. Бул ишке 2 — а/грейдер; 2 -а/жүктөгүч, 2 — а/самосвал, 9 жумушчу тартылган.

КР Транспорт жана коммуникациялар министрлиги жол кырсыктарын алдын алуу үчүн кыш мезгилинде жолдордогу жол белгилерине ылайык ылдамдыкты чектөө керектигин унаа айдоочуларына эскертет.