mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

Талас районунун Талды-Булак айылындагы Турду-Аке кѳчѳсүнѳ 2 км асфальт тѳшѳлдү

Жол чарба департаментине караштуу Талас районундагы №36-жол тейлѳѳ башкармалыгы Талас районунун  Талды-Булак айылындагы  Турду-Аке кѳчѳсүнѳ  2 км асфальт тѳшѳѳ иштерин бүтүштү. Талды-Булак  айылынын тургундарында  аз да болсо машина жүрүүгѳ шарттар түзүлүп, жол чандабай түз жол менен каттоого шарттар түзүлдү. Бул аталган жол Мамлекеттик капиталдык салымдар  беренесинин эсебинен курулуп жатат. Быйылкы жылы мамлекеттик капиталдык салымдар беренесинин эсебинен 152,9 км жол каралган учурда 117 чакырымы бүттү.