mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

Түндүк-Түштүк альтернативдик унаа жолунун Эпкин-Башкууганды бөлүгүндө 2022-жылдын 29-мартынан тарта саат 17:00дөн 09:00гө чейин оор жүк ташуучу унааларга чектөө киргизилет.

Түндүк-Түштүк альтернативдик унаа жолунун Эпкин-Башкууганды бөлүгүндө 2022-жылдын 29-мартынан тарта саат 17:00дөн 09:00гө чейин оор жүк ташуучу унааларга чектөө киргизилет.29-марттан тарта саат 17:00дөн 9:00гө чейин Эпкин-Башкуганды унаа жолунун тилкесинде аба ырайынын ыңгайлуу болгонуна чейин оор жүк ташуучу унаалардын жүрүшүнө чектөө киргизилерин Транспорт жана коммуникациялар министрлиги билдирет.
Соңку жумада аталган участокто нөшөрлөп жааган жамгырдын кесепетинен асфальт-бетондук жол болгондуктан , чоң унаалардын кыймылынан улам жолго колея пайда болгон. Пайда болгон колея женил автомашина менен жүргондөргө тоскоол болуп, жолдун коопсуздугуна жана терс таасирин тийгизет.
Оор жүк ташуучу унаалардын кыймылына чектөө 2022-жылдын 29-мартынан тарта киргизилери күтүлүүдө. Буга байланыштуу Транспорт жана коммуникациялар министрлиги альтернативдик Түндүк-Түштүк автожолунун Эпкин-Башкууганды тилкесинен боюнча чыккан автомашиналар жогоруда көрсөтүлгөн мөөнөткө ылайык алдын ала пландаштырууну суранат.
Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги көрүлгөн чараларга түшүнүү менен мамиле кылууну өтүнөт.
КР ТжКМ басма сөз кызматы