mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

Түндүк-Түштүк альтернативдүү автожолунун 159-183-чакырымын реконструкциялоо долбоорунун алкагында подрядчы асфальт-бетон төшөлмөсүнүн 3 чакырымынын астынкы катмарын төшөдү

Түндүк-түштүк альтернативдик унаа жолунун 159-183 чакырымын куруу долбоорунун алкагында, 2019-жылдын 20-январында курулуш иштерин аткарууга «MOST-GROUP and China Road and Bridge Corporation» компаниясы менен келишимге 17,9 млн.АКШ доллар суммага кол коюулган.

2020-жылы 8-июлунда консультант подрядчыга курулуш иштерин баштоо боюнча буйрук берилген. Бүгүнкү күнгө чейин подрядчик тарабынан жолду кеңейтүү жана  жер жумуштары аткарылган. Андан сырткары асфальт төшөө жумуштары башталган. Азыркы учурда 3 км асфальт-бетон жабдуунун астынкы катмары төшөлдү. Курулуш иштеринин аткарылышына 3,4 млн.АКШ доллар же 19% контракттык баа түзүлгөн.

2023-жылы жалпы курулуш иштери бүткɵрүлɵт.

КР ТжКМнин басма сөз кызматы