mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

Түндүк-Түштүк альтернативдүү автожолунун 159-183 чакырым аралыгын реконструкциялоо долбоору: Азыркы тапта аткарылып жаткан иштер

Узундугу:                                          24 чакырым

Донору:                                              Ислам өнүктүрүү банкы

Сауд өнүктүрүү фонду

Долбоордун суммасы:                     33,8 млн. АКШ доллары;

Насыя:                                               32,0 млн. АКШ доллары;

КРдин МК бөлүгү:                           1,8 млн. АКШ доллары

Консультанты:                                  «Сауди Тек-Спектрум»

(Сауд Аравия/Ливан)

Подрядчысы:                                    «Мост Групп/Чайна Роуд энд Бридж Корп.»

Курулуш иштеринин мезгили:       2020 — 2023 жж.

 

Калктуу конуштар: Дыйкан а., Байзак а., Чаек а., Кызыл-Жылдыз а. (айылдарда тротуар куруу каралган).

 

Курулуш жумуштарынын жүрүшү:

 

Жалпы курулуш иштеринин аткарылышы 17,9 млн. АКШ долларын же контракттык баанын 90%ын түзөт.

Подрядчы тарабынан участоктун узундугу боюнча негизги курулуш иштери бүткөрүлүп, 24 чакырым жолдун астыңкы катмарына асфальтбетон жана 24 чакырым үстүңкү катмарына асфальтбетон төшөлүп, негизги жолго 53 суу өткөрүүчү түтүктүн жана  съезддерде 31 суу өткөрүүчү түтүктүн жана 2 көпүрөнүн курулуш иштери бүткөрүлдү.

Азыркы учурда долбоордун объектисинде Подрядчы тарабынан жол белгилерин орнотуу иштери башталып, жашыл аянтчалар орнотула турган жерлер аныкталып, Байзак айылында бак-дарактарды тигүү иштери башталды, Кызыл-Жылдыз айылында лотокторду орнотуу иштери жүрүп жатат, суу өткөргүчтөрдүн кириш-чыгыштарын ылайыкташтыруу боюнча иштер жүргүзүлүп, жарыктандыруу иштери жүргүзүлүп жатат, 176-чакырымда тротуарды демонтаждоо жана куруу иштери аткарылып жатат, 182-чакырымда суу лотокторун орнотуу жана куруу иштери башталды, ошондой эле жолду жакшыртуу иштери жүрүүдө.

Мындан тышкары, долбоордун баасын тууралоо маселесин объективдүү кароо үчүн Комиссия түзүлүп, учурда узакка созулган сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча комиссиянын сунушуна ылайык иштер жүргүзүлүүдө. Ошондой эле 2022-2023-жылдардын кыш мезгилинен кийин аныкталган кемчиликтерди кароо боюнча атайын Комиссия түзүлдү.

КРдин ТжКМдин басма сөз кызматы