mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

Төө ашууда кар жаап жатат. Транспорт министрлиги айдоочуларга дөңгөлөктөрүн кышкыга алмаштырууну сунуштайт

Чүй облусунун Төө-Ашуу, Жалал-Абад облусунун Ала-Бел ашууларында кар жаап, бийиктиги 10-12 см жетти.
Министрликтин жолчуларынын күчү менен жолдор атайын техника менен тазаланып, кум чачылды.

Кардын жаашынан улам, асфальттын үстүңкү бөлүгүндө, шагыл участоктордо тоңголоктордун, тыгындардын пайда болушун алдын алуу максатында КР Транспорт жана жол министрлиги ашуулар аркылуу жол жүргөн айдоочуларды дагы бир ирет жайкы дөңгөлөктөрдү кышкыга алмаштыруу менен, жанында чынжыр, күрөк алып жүрүү керек экендигин эскертет.

Автоунаалар ортосундагы 500 метр аралыкты сактоо коопсуздукту камсыздайтургандыгын эске салат.