mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

Төө-Ашууда көчкү түшүп, жол убактылуу жабылды

Төө-Ашууда кар көчкү түшүп, жол убактылуу жабылды. Көчкү бүгүн, 11-мартта 17:30дар чамасында Бишкек-Ош унаа жолунун 135-чакырымына түшкөн. Азыркы тапта кар көчкүнүн көлөмү такталууда.

Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу №9 жол тейлөө ишканасынын кызматкерлери атайын техникалардын жардамы менен жолду кардан тазалап жатышат.

Кошумча маалымат берилет.

КРдин ТжКМнин басма сөз кызматы