mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

Төө-Ашуу ашуусундагы аба ырайына жана климаттык шарттарга байланыштуу жолго чыккан унаалардын техникалык абалына көңүл буруңуздарды суранабыз!

Төө-Ашуу ашуусундагы аба ырайына жана климаттык шарттарга байланыштуу жолго чыккан унаалардын техникалык абалына көңүл буруңуздарды суранабыз!

Төө-Ашуу ашуусунда кар жаап, туннелдин түндүк тарабынан 128-чакырымында жүк ташуучу унаанын илгичи үзүлүп , жолду тосуп калгандыктан унаа тыгыны пайда болду. Транспорт министрлигинин №9 ЖТИнын кызматкерлери Бишкек-Ош унаа жолунун 128-чакырымына чейин унаалардын тоскоолдуксуз жүрүүсүн камсыздоо максатында унаалардын чиркегичтерин сүйрөө үчүн жөнөп кетишти. Учурда бул тилкеде өтүү бир тилкеде жүргүзүлүүдө. Ошондой эле жол кызматкерлери трассаны кардан тазалап, тайгакка каршы материалдар менен толтурууда. Ушундай эле жумуштар республиканын Ала-Бел, Көк-Бел, Өтмөк, Чапчыма жана башка ашууларында жолчулар тарабынан жүргүзүлүүдө.