mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

Төө-Ашуу ашуусунда жүк ташуучу унаалардын өтүүсүнө чектөө жок , бирок унаалардын жүрүшүнө кыйынчылыктар жаралууда.

Кыргызгидрометтин маалыматы боюнча 2022-жылдын 22-ноябрында түнкүсүн Чүй, Талас облустарынын көпчүлүк аймактарында, Жалал-Абад , Ысык-Көл , Нарын облустарынын айрым жерлеринде жаан жаап, тоо этектеринде  жана тоолуу райондордо кар жаап, күн күркүрөйт.Ош , Баткен облустарынын айрым жерлеринде жаан жааган жок, бирок унаалардын жүрүшүнө кыйынчылык жаралууда.

Күндүз Чүй, Ысык-Көл облустарынын көпчүлүк аймактарында, Талас , Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Жалал -Абад облусунун тоо этектеринде, тоолуу райондордо, Жалал-Абаддын өрөөндөрүндө жаан жаап, күн күркүрөйт.Жалал — Абад облусунда жана Ош , Баткен облустарында жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 м/с.

Төө-Ашуунун түндүк тарабында кар күрткүсү байкалып, кар жаап жатат. Транспорт эана коммуникациялар  министрлигинин №9ЖТБнын жол кызматкерлери жолду кардан тазалап, тайгакка каршы инерттүү материалдарды себип жатышат. Төө-Ашуу ашуусунда жүк ташуучу унаалардын өтүүсүнө чектөө жок , бирок унаалардын жүрүшүнө кыйынчылыктар жаралууда.

Аба ырайынын ыңгайсыз шарттарына байланыштуу ашуу тилкелерине чыга турган айдоочуларга жайкы дөңгөлөктөрүн кышкысына алмаштырууну, жана жасалма тыгындарды жана жол кыймылын жаратпоо үчүн ашууларда каршы тилкеге чыкпоону сунуштайбыз.

ТжКМ ошондой эле унаалардын айдоочуларын ашуу тилкелеринен өтүүдө кыйынчылыктарды болтурбоо үчүн  ашууларга киргенде кардын чынжырын тагынууга чакырат. Ашуулардан өткөндөн кийин тегиз жерлерде жолду деформациялап албаш үчүн кардын чынжырларын алып салуу керек.

2022-жылдын 23-ноябрында түнкүсүн Чүй, Талас , Ысык-Көл облустарынын көпчүлүк аймактарында, Нарын облусунун айрым жерлеринде жаан, кар, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо, Ош шаарында кар жаашы күтүлөт, Жалал-Абад , Баткен облустарында жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз Чүй, Ысык-Көл , Нарын облустарынын айрым жерлеринде жаан, кар, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаайт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 м/с.

КР ТжКМнин басма сөз кызматы