mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

Төө-Ашуу, Ала-Бел, Көк-Бел, Өтмөк, Чапчыма жана башка ашуу тилкелеринде трассадан карды тазалоо жана тайгакка каршы инерттүү материалдар менен себүү иштери жүргүзүлүүдө.

2022-жылдын 6-декабрына карата Бишкек-Ош унаа жолунун Төө-Ашуу ашуусунда кар жаайт. КР Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин No9 ДЭУнун кызматкерлери Бишкек-Ош унаа жолунун 60-чакырымынан 209-чакырымына чейинки бөлүгүндө карды тазалоо жана тайгакка каршы инерттүү материалдар менен толуктоо иштерин жүргүзүүдө. Жүк ташуучу унаалардын өтүүсүнө эч кандай чектөөлөр жок.

Ала-Бел, Көк-Бел, Өтмөк, Чапчыма жана башка ашуу тилкелеринде кар күрткүсүн түшүрүү, ага туз, кум салуу иштери жүрүп жатат. Ош облусунун Чыйырчык ашуусунда 2022-жылдын 6-декабрында таңкы саат 6дан баштап музга каршы каражаттар менен чачуу иштери жүргүзүлдү.

Ал эми Ош-Сары-Таш-Эркечтам унаа жолунун Кичи Талдык ашуусунда 6-декабрда саат 10:00гө карата кар токтоп, өтмөк күнү-түнү ачык, муздан тазалоочу материалдар кошулууда. Эске салсак, Ала-Бука-Жаңыбазар-Кировка унаа жолунун 190-чакырымынан 215-чакырымына чейин, Жалал-Абад облусундагы Казарман-Жалал-Абад унаа жолунун 0-52-чакырымына чейинки Сары-Кыр ашуусу жана Ат-Башы-Кында ашуусу. Нарын районундагы Кында-Торугарт унаа жолу учурда жергиликтүү райондук мамлекеттик администрация башчыларынын буйругу менен жабылды.

Аба ырайыныН шартына байланыштуу ашуу тилкелерине чыга турган айдоочуларга жайкы дөңгөлөктөрүн кышкысына алмаштырууну жана жасалма тыгындарды жаратпоо үчүн каршы келе жаткан жол тилкесине чыкпоону сунуштайбыз. Ошондой эле КР Транспорт жана коммуникациялар министрлиги унаалардын айдоочуларын ашуу тилкелеринен өтүүдө кыйынчылыктарды болтурбоо үчүн ашуу тил тилкелерге кирүүдө кардын чынжырын тагынууга чакырат.

Ашуу участокторун кесип өткөндөн кийин жолдорду деформациялап албаш үчүн тегиз жердеги кардын чынжырларын алып салуу керек. Мындан тышкары, өтмөктөрдөн өтүүдө көйгөйлөр жаралбашы үчүн жолго чыгаар алдында унаалардын техникалык абалын текшерүү зарылдыгын эскертебиз.

КР ТжКМнин басма сөз кызматы