mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

Үстүбүздөгү жылдын 15-июнунан тарта Бишкектен Москвага жана Москва-Бишкек каттамдары ишке ашырыла баштады.

2022-жылдын 15-июнунан тарта Бишкек-Москва каттамы боюнча автобустар шаршемби күндөрү каттайт, Бишкектен Москвага кетүү убактысы 10-00, билеттин баасы 7500 сом. Ушул жылдын 15-июнунан тарта Москвадан Бишкекке кайра рейс дагы жекшемби күндөрү, ошондой эле саат 10:00дө учат, билеттин баасы 7500 рубль. Буга чейин калкка Instagram, Facebook жана «Кыргыз Автобекети» мамлекеттик ишканасынын сайты аркылуу каттамдар аткарылып жаткандыгы тууралуу маалымат берилип келген. Учурда КТРК, ЭЛТР, ОшТВ жана 7-канал аркылуу күн сайын каттамдар боюнча, ошондой эле Москвага жана Москвадан жүргүнчү ташыган каттамдар Ош базарынын радиосунан жана социалдык тармактардан кабарланууда.

КР ТжКМнин басма сөз кызматы