mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

Сосновка постунда видеобайкоо орнотулгандан кийин төлөм чогултуу 49%га өстү

Транспорт жана коммуникациялар министри Тилек Текебаев фейсбуктагы баракчасына билдирүү жазып, Сосновка жана Кара-Көл постторунда быйыл төлөм чогултуу көбөйгөнүн билдирди.

Анда министр эми каражаттар сол чөнтөккө эмес, мамлекеттин казынасына түшүүдө деп жазган.

Тилек Текебаев министрлик кызматка киришкенден кийин эле Сосновка жана Кара-Көл шаарындагы постторго видеобайкоо орнотууга тапшырма берген. Жыйынтыгында быйылкы жылдын биринчи кварталында былтыркыга салыштырмалуу Сосновка постунда төлөм чогултуу 49%га, ал эми Кара-Көл постунда 39%га өстү.

КРдин ТжКМдин басма сөз кызматы