mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

Сосновка постунда унаалардын бардык түрүнө убактылуу чектөө киргизилип, жол эки тараптуу жабылды

Сосновка постунда түшкү саат 14:30дан тарта унаалардын бардык түрүнө убактылуу чектөө киргизилип, жол эки тараптуу жабылды. Белгилей кетсек, аба ырайынын начарлашынан улам 17-апрелге караган түнү саат 02:00дон тарта оор жүк ташуучу унааларга чектөө киргизилген.

Азыркы тапта Төө-Ашууда кар жаап, бороон болуп жатат. №9 жол тейлөө ишканасынын кызматкерлери тарабынан бороондон пайда болгон кар күрткүлөр тазаланып, инерттик материалдар себилүүдө.

Кырдаалга жараша кошумча маалымат берилет.
КРдин ТжКМдин басма сөз кызматы