mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

Сосновка постунда түнкү саат 02:00дон тарта оор жүк ташуучу унааларга убактылуу чектөө киргизилди

Бүгүн, 17-апрелге карата өлкөнүн айрым жолдору менен ашууларында кар аралаш жаан, кар жаап, бороон болууда. Сосновка постунда түнкү саат 02:00дон тарта оор жүк ташуучу унааларга убактылуу чектөө киргизилди.

Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу жол тейлөө ишканаларынын кызматкерлери өздөрүнө бөлүнгөн аймакты толук көзөмөлгө алып, жолдорду кардан тазалап, инерттик материалдарды чачып жатышат.

Бишкек-Ош унаа жолунун 124-134-чакырым жана 209-230-чакырым аралыктарында бороондон пайда болгон кар күрткүлөр тазаланып, инерттик материалдар себилүүдө.

Ош-Сары-Таш-Эркечтам унаа жолунун Тоң-Мурун ашуусунда кар жаап, атайын техникалар тазалап жатышат. Унаа кыймылына чектөө жок.

Барскоон-Ак-Шыйрак унаа жолунун Сөөк ашуусунда да кардуу бороон болуп, атайын техникалар даяр турушат. Жол ачык.

Кырдаалга жараша кошумча маалыматтар берилет.

КРдин ТжКМдин басма сөз кызматы