mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

Сох-Кан-Зардалы унаа жолдору ачык

Кечээ 15-август күнү Кыргыз Республикасынын Транспорт жана Коммуникациялар министрлигине караштуу Жол чарба департаментинин карамагындагы №2  ЖТМ Сох-Кан-Зардалы унаа жолунун 33-чакырымында нөшөрлөп жаанган жамгырдын кесепетинен жолго шагыл түшүп жаап калган. Жол тейлөө мекемеси тарабынан убагында унаа жолун тазалап, эки тараптуу жол ачылган.

КР ТжКМнин басма сөз кызматы