mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

Шашылыш билдирүү! Кыргызстанда 1-3-апрель күндөрү үшүк жүрөт

Кыргызгидромет кызматы Кыргызстанда 1-3-апрель күндөрү түнкүсүн жана эртең менен үшүк жүрүшү күтүлөрүн билдирет.

Маалыматка ылайык, Чүй облусунун тоо этектеринде жана Талас облусунун дыйканчылык аймактарында температура 0…-2° чейин төмөндөйт.

2-3-апрелде түнкүсүн жана эртең менен Чүй, Талас облустарынын дыйканчылык аймактарында жана Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде -1…-3° үшүк жүрүшү күтүлөт.

Жолдор тайгак болуп, муз тоңот. Транспорт жана коммуникациялар министрлиги алыскы жолго чыга турган айдоочуларга каршы тилкеге чыкпай, жол эрежесин сактоо менен атайын техникалар иштеп жаткан жерлерде жана кооптуу аймактарда аралыкты так сактоого чакырат.

КРдин ТжКМдин басма сөз кызматы